Токтогул өрөөнү үчүн тарыхый жетишкендик! 2026-жылкы Кыргыз Премьер-Лигасына «Токтогул» футбол клубу биринчи жолу жолдомо утуп алды.

«Биздин команда чечүүчү беттештерде Токтогул командасы күчтүү атаандаш «Үмүт» (Бишкек) командасын ири эсептер менен утуп чыкты: — Үйдөгү оюнда — 6:1 — Коноктогу оюнда — 4: Жыйынтыгында жалпы эсеп 10:2 болуп, биздин команда келерки сезондо Кыргызстандын эң жогорку футбол лигасында ойногонго мүмкүнчүлүк алды» деп билдирди Бакыт Чакиев.

Бул жеңиш — тек гана спорттук ийгилик эмес, бүтүндөй Токтогул эли үчүн чоң сыймык. Команданы, машыктыруучу курамды, оюнчуларды жана бардык күйөрмандарды чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Алга, Токтогул!
Премьер-Лига сени күтүп жатат!
Даярдаган: Азема Кудуева.Аэлита Зарылбекова.