31-январь күнү Кочкор районунун Кочкор айылынын борборунда эт азыктарынын жарманкеси өттү. Анда арзан баада эт азыктар сатылды

Бул тууралуу Кочкор райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Элчибаев маалымдады

Кочкор райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Элчибаев
«Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баялы Досалиевдин тапшырмасына ылайык. Кочкор райондогу калктын аярлуу катмарынына арзан эт менен камсыз кылуу максатында айылдык аймактар жана ОсОО «Адал-Эт» коомунун «Тойбос» ишканасы эт жарманкесин ар бир жума сайын ишемби күндөрүндө уюштуруп турат»

Бул жарманке региондогу баалардын өсүшүн токтотуу үчүн уюштурулган, ошондой эле социалдык жактан кооргосуз катмарлар үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жергиликтүү өндүрүчүлөрдү колдоо максатында, бул ички рынокту туруктуулукту камсыз кылат.

Маалыматка караганда бүгүнкү эт азыктар жарманкесин Сары-Булак өкмөтү жана «Тойбос» ишканасы тарабынан уюштурулду. Жарманкеге жылкы, кой, уйдун эттери коюлуп бир килограммы 600 сомдон 630 сомго чейин сатылды.
Сүрөттөр Кочкор райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын архивинен алынды
Аделина Туратбекова