5-март — Ак калпак күнүнө карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө майрамдык иш чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде белгиленди.
Бул иш чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, жаш муунга ата-бабадан калган салт-санааны, маданиятты жана ак калпактын ыйык маанисин жеткирүү болду.
Иш чаранын жүрүшүндө ак калпактын тарыхы, анын кыргыз элинин маданиятындагы орду тууралуу маалыматтар айтылып, улуттук каада-салттар эскерилди.
Бул майрам катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулап, улуттук сыймыкты дагы бир ирет даңазалоого шарт түздү.
Ак калпак — кыргыз элинин ыйык символу, ата-бабадан калган мурас жана улуттук сыймык. Мындай иш чаралар жаш муундун мекенчил болуп өсүшүнө, улуттук баалуулуктарды урматтоосуна чоң салым кошот.
Айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович, аппарат кызматкерлери жана аймактагы мекеме-уюмдардын өкүлдөрү ак калпак кийип жөө жүрүшкө чыгышты.
Бардык кыргыз элин Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ак калпагыбыз ар дайым бийик, элибиз аман, жерибиз тынч болсун!
