Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр мектебинин жогорку класстар арасында ата- энелер мектеби жумалыгы болуп өттү.
Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстардын окуучуларынын ата-энелери үчүн «Ата-эне мектеби» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Бул жолугушууда бала менен ата-эненин ортосундагы байланыш, бири-бирин түшүнүү, ишеним жана колдоо көрсөтүү тууралуу маанилүү темалар талкууланды.
Ата-энелер балдары менен туура мамиле түзүү, алардын оюн угуу жана колдоо көрсөтүүнүн жолдору жөнүндө пайдалуу маалымат алышты.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты чыңдоого чоң салым кошту.

Иш чара учурунда ата-энелер менен биргеликте жаңы метод менен балдарга жакын болуучу ар кандай оюндар уюштурулду. Жыйынтыгында ар бир ата-эне өзүнө керектүү маалыматтарды жана ошондой эле балдары тууралуу жаңы маалыматтарды билип кетишти. Бул дагы болсо катышуучулар үчүн балдарына жаңы көз караш менен кароого жол түздү.

Даярдаган: Айдай Сагынбаевна