Токтогул районунда жалпы ишембилик болуп өттү. Ар бир айылдын мекеме кызматкерлери, мектеп окуучулары жана айыл тургундары өз айлана тегеректерин, чоң жолдорду тазалап чыгышты.


Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды.


Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана райондун жашоочуларды тартылды.

Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылды.

Даярдаган: Азема Кудуева