Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун эң алыскы жана тоолуу аймактарынын бири болгон Толук айылында ички иштер органдарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында ишке ашты.

Буга чейин бул аймакта кызмат өтөгөн тартип сакчылары үчүн туруктуу имарат жок болуп, алар ар кайсы жерден убактылуу орун алып иштеп келишкен. Кызматкерлер кээде үйлөрдү ижарага алып, же жергиликтүү оорукананын имараттарында убактылуу жайгашып, оор шарттарда иштөөгө мажбур болушкан. Мындай шарттардан улам айрым адистер жумушунан кыска мөөнөттө кетип калган учурлар да катталган.
Ички иштер министрлигинин курулуш-монтаждоо башкармалыгынын уюштуруусу менен курулган жаңы имарат бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Эми кызматкерлер үчүн заманбап иш бөлмөлөрү, ошондой эле үй-бүлөсү менен жашоого ылайыктуу турак жай шарттары да түзүлдү.

Жаңы имаратта иш бөлмөлөрүнөн тышкары, кылмыштарды иликтөөгө жана укук бузуулар менен күрөшүүгө ылайыкташкан сурак бөлмөлөрү жана убактылуу кармоочу жайлар да каралган.
Жергиликтүү тургун Көкбай Турдакунов жаңы имарат тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирди:
«Мурда милиция кызматкерлери ижарада туруп, шарттын жоктугунан кыйналышчу. Азыр болсо жакшы имарат курулуп, иш бөлмөлөрү, атайын кабинеттер да каралыптыр. Бул эл үчүн да, кызматкерлер үчүн да чоң жеңилдик болду», — деди ал.

Белгилей кетсек, Толук айыл аймагына Ноот, Алмалуу, Чаар-Таш жана Толук айылдары кирет. Жалпысынан 3383 калк жашаган бул аймак район борборунан 80 чакырымдан ашык алыстыкта, тоолуу шартта жайгашкан.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Асановдун айтымында, жаңы имарат заманбап эмеректер жана керектүү жабдыктар менен толук камсыздалган:
«Бул кадам алыскы аймактагы элге ыкчам жана сапаттуу укуктук жардам көрсөтүүгө, ошондой эле коомдук тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери өлкө боюнча улантылууда», — деди билдирди
Даярдаган: Азема Кудуева, Гүлбагым Амантаева.