Ош-Бишкек жолун бириктирип турган Төө-Ашуу ашуусунда 10-май күнү кар жаады. Туруксуз аба ырайына байланыштуу жааган кар айдоочулар үчүн убактылуу тоскоолдуктарды жаратты. Өзгөчө оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол тайгак болуп, кооптуу абал жаралган.

Бирок ага карабастан, жол жабылган эмес жана унаалардын кыймылы токтогон жок. Учурда аба ырайы турукташып, кар менен муздар эрип, жол толугу менен каттамга ачык.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна