Жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жаткан учурда күйүүчү майдын баасынын кымбатташы дыйкандар үчүн бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагына мамлекеттик резервден жалпы 18 тонна күйүүчү май (солярка) бөлүнгөн. Анын 60 пайызы литри 74 сомдон берилсе, калган бөлүгү баанын өсүшүнө байланыштуу 81 сомдон сатылууда.

Арзан баадагы күйүүчү майды алуу үчүн айыл тургундары айыл өкмөтүнө кайрылып, тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, күйүүчү майды санарип касса аркылуу төлөп, май куюучу жайдан куйдуруп алуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул үчүн жарандар телефондоруна RedPay KG тиркемесин жүктөп колдонушууда.
Айыл тургундарынын айтымында, арзандатылган күйүүчү майдын берилиши жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө жакшы жардам болууда.
Куланак жамаатык медиа борбору