Жаңы дайындалган аким Урматбек Самаевдин жетекчилигинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алгачкы кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү. Жыйында аймактын 2026-жылдын алгачкы үч айындагы өнүгүү көрсөткүчтөрү талданып, алдыдагы негизги милдеттер белгиленди.

Жыйында 2026-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Бул багытта тийиштүү жетекчилер маалымат беришти: Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов райондун чарбалык көрсөткүчтөрү жана өндүрүш көлөмү боюнча кеңири баяндама жасады.
Социалдык тармак боюнча Район башчысынын орун басары К. Аттокуров калкты социалдык жактан коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Коллегиянын отуруму башталар алдында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаевдин көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланды. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты райондун жаңы акими Урматбек Самаев салтанаттуу түрдө тапшырды.

Жыйындын соңунда каралган маселелер боюнча конкреттүү токтом кабыл алынды. Райондук администрациянын мүчөлөрү тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык органдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди: Үч айлыктын жыйынтыгындагы кемчиликтерди тез арада жоюу. Инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү пландарын күчөтүү. Берилген тапшырмалардын аткаруу мөөнөттөрүн так сактоо болду.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаевди алган сыйлыгы менен куттуктайбыз!
Даярдаган: Азема Сабырбекова