Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен ийгиликтүү уланууда. Быйылкы жылы мектептин ички жылытуу тутумун толугу менен жаңылоо үчүн 3 миллион сом каралып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.


Корчубек Акназаров атындагы мектепте окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында акыркы жылдары ырааттуу жумуштар аткарылып келет. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «БайЭд-Курулуш» ЖЧКсынын директору Таалайбек Айсаналиевдин билдирүүсү боюнча, мектепти оңдоого каражат мамлекет тарабынан этап-этабы менен бөлүнүүдө.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «БайЭд-Курулуш» ЖЧКсынын директору Таалайбек Айсаналиев
Аталган билим берүү мекемесиндеги акыркы жылдардагы жаңылануулар төмөнкүдөй тартипте жүргөн: 2024-жылы капиталдык оңдоонун алгачкы кадамы катары мектептин эскирген шыйпыры толугу менен алмаштырылган. 2025-жылы мамлекет тарабынан 3 миллион сом бөлүнүп, мектептин жылытуучу казаны (котелу) жаңыланган. Ошондой эле, борбордук казандан мектеп имаратына чейинки жылуулук жеткирип берүүчү жер астындагы трубалар толугу менен алмаштырылган. Быйылкы жылга да кезектеги этап үчүн 3 миллион сом каражат бөлүнүп, учурда мектептин ички жылытуу системаларын — түтүктөрүн жана батареяларын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул каражаттын алкагында жылуулук тутумунан сырткары, мектептин эки классы да толук ремонттон өткөрүлөт.

Учурда бөлүнгөн каражатка пландалган жумуштарды сапаттуу аяктоо үчүн адистер талыкпай эмгектенишүүдө. Куруучулардын айтымында, мектеп жамааты тарабынан да жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Мугалимдер жумушчу топту жылуу маанайда кабыл алып, тиешелүү класстарды бошотуп беришип, иштин жүрүшүнө көмөктөшүп жатышат.


Мамлекеттин жана куруучулардын мындай биргелешкен аракети натыйжасында, алдыдагы окуу жылында Корчубек Акназаров атындагы мектептин окуучулары кыштын күнү жылуу класстарда билим алышмакчы.
Даярдаган: Илима Жумабаева.