Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев Тендик, Исакеев жана Семиз-Бел айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулуш иштерин жүрүшүндө айрым көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Үч айылдын тургундары жолугушуунун жүрүшүндө темир жолдун астында суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, мал-жандыктар жана айыл чарба техникалары үчүн темир жолдон өтүүчү өтмөктөрдү уюштуруу жана ошондой эле курулуш иштерине байланыштуу жаралган башка маселелер көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү максатында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, долбоордун прорабы менен бирдикте жеринде кароо жүргүзүлдү.

Натыйжада жарандардын сунуш-пикирлери эске алынып, темир жолдун астына суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана керектүү жерлерге өтмөктөрдү уюштуруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу тараптарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Райондук мамлекеттик администрация тарабынан темир жол курулушуна байланыштуу жергиликтүү тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана пайда болгон маселелерди өз убагында чечүү боюнча иштер мындан ары да уланат.
Сүрөттөр Кочкор райондук администрациясынын архивинен алынды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева