Токтогул районунда кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана жаш муундарды тарбиялоого зор салым кошкон инсанды эскерүү жана сыйлоо максатында спорттук иш-чара уюштурулду. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт тармагынын мыктысы, кесиптик-техникалык билим берүүнүн отличниги Мирбек Асанов Апышовичке арналган бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстандын туш тарабынан жана коңшу чет мамлекеттерден келген жаш булгаары мээлей чеберлери катышты. Рингке чыккан жаш мушкерлер өздөрүнүн курч мүнөзүн, тактикалык даярдыгын жана жеңишке болгон эркин көрсөтө алышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул эл аралык турнирдин негизги максаты — жаштар арасында бокс спорттун массалык түрдө өнүктүрүү, өлкөлөр жана аймактар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө, ошондой эле келечекте эл аралык аренада өлкө намысын коргой турган жаңы чемпиондорду аныктоо болуп саналат.

Турнирдин расмий ачылыш аземине Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Урматбек Самаев катышты. Район жетекчиси өз сөзүндө спорттун коомдогу ордуна токтолуп, катышуучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле аймактын спорт тармагын көтөрүүгө жана жаш спортчуларды калыптандырууга сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн Асанов Мирбек Апышовичке терең ыраазычылык билдирип, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча эң мыктылар аныкталды:
🥇 1-орун — Көк-Жаңгак шаарынын командасы;
🥈 2-орун — Токтогул районунун командасы;
🥉 3-орун — Таш-Көмүр шаарынан келген жаш мушкерлер.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине уюштуруу тобу тарабынан атайын даярдалган дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эл аралык иш-чараны өткөрүү чоң колдоону талап кылат. Турнирдин жогорку деңгээлде уюштурулушуна башкы демөөрчү катары салым кошкон «Юником Строй» курулуш компаниясынын директору Чотиев Таалайбек Касымбековичке уюштуруучулар жана район эли терең ыраазычылык билдиришет.

«Бул эл аралык турнир жаштарды зыяндуу адаттардан алыс кылып, сергек жашоо образын жайылтууга, аймактагы спорттун өнүгүшүнө жаңы дем берүүгө жана эл аралык достук мамилелерди бекемдөөгө кошулган чоң салым болду» дейт Таалайбек Чотиев.
Даярдаган: Азема Сабырбекова