Жалал-Абад облусунда КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат. 10-июнда КР Президентинин Жалал-Абад облусунун өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун Сары-Камыш айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда алыскы аймактын калкы өздөрүнүн негизги жана курч көйгөйлөрүн ортого салышты.

Жыйында Сары-Камыш айылынын тургуну Токтотемир Өмүрканов аймакта кыш мезгили 6 айга созуларын билдирди. Анын айтымында, кышында айылга эки тараптан тең (Нарын жана Толук аркылуу) каттамдар оорлошуп, Нарын аркылуу айланып 600 км жол жүрүүгө туура келет.
»Биздин жолубузду тазалаганы бара турган автогрейдер бизге жетпей эле жолдо бузулуп калат. Бизге айыл өкмөттүн балансына коюп бир автогрейдер алып бериңиз. Кышкысын жолдорду өзүбүз ачып алалы», — деп өтүндү жергиликтүү тургун.

Бул маселеге карата губернатор Тилек Текебаев автогрейдер маселесин чечүүгө жол издей турганын, ал эми аталган айылдын жол көйгөйү боюнча өзүнчө тактоолор менен иш алып барарын убадалады.

Жолугушууда көтөрүлгөн дагы бир маанилүү маселе — балдардын билими жана коопсуздугу болду. Айыл чачыранды жайгашкандыктан, мектеп окуучулары 10 чакырымдан ашык узак аралыктан келүүгө мажбур болушат. Кышкысын балдар ат, эшек менен катташкандыктан, тургундар окуучулар үчүн атайын микроавтобус бөлүп берүүнү өтүнүштү.
Сары-Камыш айыл аймагы Райондун борборунан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аймакта 1500ге чукул адам жашайт. Тоо-таштуу жолдору октябрь айында жабылып, кыш мезгили 6 айга чейин созулат.
Даярдаган: Азема Сабырбековна