Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундары бир нече убакыттан бери таза ичүүчү суу чыкпай жатканын айтып нааразылык билдиришүүдө. Жергиликтүү бийлик «оңдоо иштери» жүрүп жатканын билдиришкен, эл суу буга чейин эле үзгүлтүк менен берилип келгенин ачык айтууда. Айыл тургундарынын айтымында, учурда суу суткасына болгону 2 сааттын тегерегинде гана берилет. Калган убакта крандар кургап, калк тиричиликке керектүү сууну ар кандай жолдор менен ташууга мажбур болушууда.

Түзүлгөн кырдаал боюнча «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алтынбек Болотов түшүндүрмө берип, негизги көйгөй инфраструктуранын эскилигинде жана каражаттын жоктугунда экенине токтолду
«Таза суу көйгөйү бир нече жылдан бери чечилбей созулуп келе жатат. Ичүүчү суу ташыган түтүктөрдүн (трубалардын) эскилиги жетип, жараксыз абалга келген, ал эми суу топтолуучу жай (хауз) ылайга толуп калган. Учурда капиталдык оңдоо иштери өтө зарыл. Бирок бардык аракеттер келип эле каржы маселесине такалууда. Суу топтоочу жайды ылайдан тазалап, түтүктөрдүн жыртык-тешиктерин бүтөшүбүз керек. Бул үчүн техника жана цемент керек, айылдаштардын колдоосу, жардамы абадай зарыл болуп турат», — деп билдирди Болотов.
Абанын температурасы кескин көтөрүлгөн жай айларында таза суунун жоктугу айылда чоң көйгөй болушу мүмкүн. Суу тартыштыгы калктын санитардык абалын начарлатып, ичеги-карын жана башка жугуштуу оорулардын жайылышына түз жол ачат. Калк арасында өзгөчө жаш балдардын жана кары-картаңдардын ден соолугу үчүн кооптуу абал. Терек-Суунун жашоочулары айыл өкмөт жетекчилигине маселени системалуу түрдө чечүүнү жана төмөнкүдөй конкреттүү кадамдарды талап кылышууда. Суу качан жана канча саатка берилери тууралуу расмий, алдын ала билдирүү. Ашар жолу менен болсо да, жумушту созбой, тезинен санитардык нормага жооп берген таза сууну жеткирүү. Каржылык маселесин чечип айыл өкмөтү таза суу ишканасына жардам берип калкты таза суу менен убагында камсыз кылуу керектиги айтылууда.
Бирок маселе убакытта гана эмес, суунун сапатында болууда. Крандан аккан суу көбүнчө ылай аралаш келип, ичүүгө эле эмес, тиричиликке колдонууга да жараксыз. Жашоочулар бул сууну тундуруп, кайнатып ичүүгө аргасыз болушууда.
Даярдаган:Азема Сабырбекова