2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн «Дүйнө элдеринин достугу – 2026» аттуу эл аралык кароо-сынагында Нарын районунун Кайыңды айылындагы Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 5-классынын окуучусу Эркинбек кызы Айнура баш байгеге татыды.
2Жаш талант вокал жанры боюнча өз өнөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, эл аралык сынактын калыстарынын жогорку баасына ээ болгон. Бул ийгилик –Айнуранын чыгармачылыкка болгон кызыгуусунун, үзүрлүү эмгегинин, ошондой эле анын жетекчилери менен ата-энесинин колдоосунун жыйынтыгы.
Мектеп жамааты Эркинбек кызы Айнураны эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачылык жолунда жаңы бийиктиктерди багындырып, мындан аркы карьерасында дагы чоң ийгиликтерди жаратышын каалады.
