Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2026–2027-окуу жылын жаңы шартта тосуп алуу үчүн даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда мектептин ичинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, окуу кабинеттерин, коридорлорду жана жалпы пайдалануудагы жайларды жаңы окуу жылына даярдоо иштери аткарылууда. Ошондой эле класстык бөлмөлөрдүн тазалыгына, санитардык абалына жана окуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мектептин аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштери да улантылууда. Окуучулар үчүн таза, жарык, ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү негизги максаттардын бири.
Мектеп жамааты жаңы окуу жылы башталганга чейин бардык даярдык иштерин өз убагында бүткөрүүнү пландап жатат.
Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты. Мектеп жамааты окуучуларды жакшы шартта тосуп алууга даярдык көрүүдө.

Даярдаган: И. Мөндүрбаева