Ак-Талаа районунда айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча «Адам өмүрү баарынан кымбат» аталышында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ак-Талаа райондук жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асыкбек Шакуловдун маалыматына караганда аталган иш чара райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте жүргүзүлдү. Анда жергиликтүү айдоочуларга жана темир жол куруу иштеринде эмгектенип жаткан кытайлык айдоочуларга чаң жолдо унаалардын аралыгын сактоо, карама-каршы тилкеге чыгып ашып кетпөө, калктуу конуштарда белгиленген ылдамдыктан ашпоо, мас абалда унааны башкарбоо керектиги, жөө жүргүнчүлөргө этият болуу жана жол кырсыктарынын адам өлүмүнө алып келип жаткан кесепеттери тууралуу түшүндүрүлдү. Ошондой эле жөө адамдарга жолду атайын белгиленген жерлерде гана кесип өтүүгө мүмкүн экендиги, эрежелерди сактоонун зарылдыгы эскертилди.

Жол кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жана жарандардын, айрыкча айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн жол коопсуздугу боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында жол эрежелери жазылган «Атаке шашпачы» аттуу китепчелерди таратышты.
https://youtube.com/shorts/qX1UmXwmB4M?feature=share
https://youtube.com/shorts/TWk1Suhq-mM?si=4oreLLKc8zxb_V3L
Даярдаган: Барчын Мамытбекова