28-августта Кочкор районунда 2026-2027-окуу жаңы окуу жылына карата «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим -өнүккөн өлкө» аталышындагы педагогдордун август кеңешмеси болуп өттү.

Ага Кочкор районунун акими Баялы Досалиев, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары Кайрат Садыбакасов, мектеп директорлору жана мугалимдер, бала бакчанын жетекчилери жана тарбиячылары катышты

Алгачкы сөздү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Досалиев Баялы Атамырзаевич алып райондогу билим берүү тармагында быйыл чоң жетишкендиктер болуп өткөнүн баса белгиледи. Атап айтсак жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Айдай Абылаева 239 балл алып Кыргызстан боюнча алдыга чыкты. Ал өз сөзүн 2026-2027-окуу жылында мугалимдерге чыгармачылык менен эмгектенүүгө чакырып, алардын ишине ийгилик каалоо менен аяктады

Ал эми Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев 12 жылдык билим берүү программасы боюнча кенен маалымат берди. Анын өзгөчөлүктөрү, быйылкы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр бар, базистик окуу планы боюнча баяндама жасады.

Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Нурила Турганбаева 12 жылдык билим берүү программасы боюнча өз оюн айтып, кесиптештерине ийгилик каалап, талыкпай иштөөгө чакырды

Кеңешменин соңунда резолюция кабыл алынып, катышуучулар бир добуштан колдошту
Даярдаган: Бакыт Кожокматов