Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы өтүп жатат. Иш-чарага мектептин бардык класс жетекчилери бирдей активдүү катышып, өз салымын кошушту. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу башталгыч класстардын мугалими Айнура Карып кызы өз пикири менен бөлүштү.

Мектепте “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы өтүп жатат. Бул декаданын негизги максаты — мектепке чейинки, жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарындагы балдарды жаңы окуу жылына даярдоо, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу болуп саналат. Мындан тышкары, зомбулуктун, буллингдин, кибербуллингдин, баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын, радикализмдин жана балдардын өмүрүнө, ден соолугуна, бакубаттуулугуна коркунуч келтирген башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууда үй-бүлө менен билим берүү уюмунун өнөктөштүгүн чыңдоо көздөлгөн.



Декаданын алкагында мектептин бардык класс жетекчилери биргеликте эмгектенип, ата-энелер менен жигердүү иш алып барышты. Билим берүү мекемесинин мугалимдер жамааты уюштурган бул иш-чарада ата-энелердин активдүүлүгү жакшы болуп жатат.





Иш-чаранын жүрүшү тууралуу башталгыч класстын мугалими Айнура Карып кызы өз маегинде төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүнкү декада өз максатына жетти деп ойлойм, жогорку деңгээлде өттү деген үмүттөмүн. Ата-энелер абдан жигердүү катышып, бир топ ишти биргелешип бүтүрдүк. Жыйынтык мен күткөндөй болду. Кийин дагы ата-энелер мектеп менен ушинтип тыгыз байланышта болуп турса дейм.”
Даярдаган: Илима Жумабаева