15-сентябрда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 мектепте жаңы окуу жылы башталып, алгачкы коңгуроо кагылды.Жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттуу иш-чараларда окуучуларга жаңы окуу жылында ийгиликтерди жаратып, билимге умтулуу менен алдыга койгон максаттарына жетишүүсүнө жакшы каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле мугалимдерге жаш муундарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүдө ийгиликтер кааланды.



Маалыматка ылайык, быйыл райондогу жалпы билим берүүчү мектептердин 1-классына 590 окуучу кабыл алынды. Алар үчүн мектеп босогосун алгачкы жолу аттаган күн өзгөчө мааниге ээ болуп, билим дүйнөсүнө жасаган алгачкы кадамы катары белгиленди.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова