Өлкөдө жүрүп жаткан экологиялык демилгелердин алкагында Токтогул районунда да масштабдуу тазалык иштери уюштурулду. Улуттук тазалык күнүнө карата стратегиялык маанидеги Токтогул суу сактагычынын жээгинде жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке Токтогул районундагы мекеме-ишканалардын, Токтогул шаарынын мэриясынын жана айыл аймактарынын эмгек жамааттары активдүү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө суу сактагычтын жээгиндеги аймактар таштандылардан тазаланып, чогулган калдыктар атайын техникалардын жардамы менен белгиленген жайларга чыгарылды.

Ишембиликтин максаты айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу жана коомчулуктун тазалыкка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болду.

Уюштуруучулардын айтымында, таза аймак — коомдун саламаттыгы жана жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоо үчүн маанилүү шарттардын бири.
Мындай экологиялык иш-чаралар райондун башка аймактарында да улантылып, тургундарды айлана-чөйрөнү таза сактоого жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Даярдаган:Азема Сабырбекова