Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй облусунан V Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин жана Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо боюнча уюштуруу жыйыны өттү.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулду.
Жыйынга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жооптуу кызматкерлери жана Чүй облусунан V Элдик Курултайга шайланган делегаттар катышты.
Жыйындын негизги максаты Улуттук кеңештин жана Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо, ошондой эле алдыдагы уюштуруу иштерин координациялоо болду.
Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын делегаты Каныбек Кушназаров Элдик Курултай жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын жогорку деңгээлде жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча экенин белгиледи:
«Делегат болуу — чоң жоопкерчилик. Бизге көрсөтүлгөн ишенимди актап, айыл тургундарынын үнүн тиешелүү деңгээлде жеткирүүгө аракет кылабыз. Айыл жериндеги социалдык маселелер, инфраструктура, жол, таза суу, билим берүү жана жаштардын келечеги эл үчүн маанилүү», — деди ал.
Ал эми Жаңы-Пахта айылынын делегаты Узакбай Исмаилов Элдик Курултай эл менен бийликтин ортосундагы маанилүү байланыш экенин белгиледи.
Анын айтымында, ар бир аймактын өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү бар. Ошондуктан делегаттар элдин сунуштарын угуп, аларды тиешелүү деңгээлде көтөрүшү зарыл.
«Эң башкысы, элдин ишенимине татыктуу болуп, жоопкерчиликти сезүү зарыл», — деп билдирди Узакбай Исмаилов.
Белгилей кетсек, V Элдик Курултайга даярдык көрүү алкагындагы уюштуруу иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Курултайда аймактардын көйгөйлөрүн, коомдук маанидеги маселелерди жана өлкөнүн өнүгүү багыттарын талкуулоо күтүлүүдө.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Айнура Асанова