Токтогул шаарында тазалык жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу үчүн дагы бир долбоор ишке ашты. Шаардык мэрияга караштуу «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасы жаңы унаа менен толукталды.Долбоор Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, жалпысынан 5 миллион 300 миң сом бөлүндү.

Демилге Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Кыдырмаевич Текебаевдин колдоосу менен ишке ашты. Долбоордун алкагында ишканага «Шакман» үлгүсүндөгү заманбап таштанды чыгаруучу унаа алынды.

«Бул жаңы техниканын келиши шаар тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга зор салым кошот. Эми шаар ичиндеги таштандылар өз убагында жана үзгүлтүксүз чыгарылат. Тазалык жана коммуналдык кызматтардын иши тездеп, натыйжалуулугу артат. Ошондой эле шаарыбыздын ичи таза жана көрктүү болуп, санитардык абал жакшырат. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөткөн бардык мамлекеттик органдарга, өнөктөштөргө жана жооптуу кызмат адамдарына терең ыраазычылык билдиребиз. Шаардык мэрия мындан ары да шаарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат» — деп билдирди Токтогул шаарынын мэри Рамис Токтотемирович Омурканов.

«Долбоордун демилгеленип, ишке ашырылышына кошкон олуттуу салымы үчүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Алдыда шаарыбызды көрктөндүрүү жана тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы пайдалуу иштер мындан ары да улантыла бермекчи» — дейт Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Мирбек Табылдиевич Борбугулов.

Жаңы техниканын келиши кызматкерлердин ишин жеңилдетип, тургундардын күнүмдүк жашоосуна жакшы шарт түзүүгө багытталган кезектеги натыйжалуу кадам болду.
Даярдаган: Азема Сабырбекова