Бүгүн «Альянс Алтын» компаниясы Кыргыз Республикасынын экологияны сактоо мыйзамдарынын негизинде экологиялык фирмалар менен иш алып барып, сейрек кездешүүчү, кызыл китепке кирген жоогазын гүлдөрүн көчүрүүдө.

Иш үстүндө.
Островский жоогазыны — көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5-3 смге жетет. Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр , сызгыч-ланцеттей формада.
Апрель-май айларында гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт.


Жоогазындарды казып алууда.

Жанболот Жунушов.
Жанболот Жунушов жоогазындарды калдык сактоочу жайга көчүрүүдө. Жоогазындын тамыры терең болгондуктан, кылдаттык менен иштөө керек экенин айтты ал.
Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов: «Курулуш журө турган аймактан курулуш жүрбөй турган аймактарга бул жоогазындарды көчүрүп жатабыз.»

Данияр Жаныкулов.
Улуттук илимдер академиясынын биология институту менен келишим түзүлүп, атайын адистер келип кандай туура отургузу керек, кайсыл жерге отургузу керек экенин көзөмөлдөп турат.

Айнура Орунбаева.
Талас флора уюмунун жетекчиси Айнура Орунбаева островский жоогазыны тууралуу кененирээк маалымат берди.

Жоогазын.

Жоогазынды отургузуу.
Даярдаган: Камчыбекова Р.