Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары мал чарбачылык менен алектенгендиктен үй жандыктарынын илдеттерин алдын алыш үчүн же ооруп калса айыктырыш үчүн дары-дармек издеп калган учурлары көп кездешет.
Буга чейин айыл тургундары керектүү дары-дармектерди Токтогул районунан алып келишчү. Айылда ветаптеканын жоктугу малчылар үчүн бир топ эле кыйынчылыктарды туудурууда.
Бул тууралуу айыл тургуну Дөөлөтбек Керезбек уулу:
“Ветаптеканы күздө жеке өзүмдүн атымдан ачсам дегем. Дары-дармектер мамлекеттен берилет. Ветаптеканы башка жактардан кагаздарды алдырып ачса болот, бирок кыйын. Аптеканын жоктугуна байланыштуу мал оору өтө көп болот. Дары-дармек өзүндө болсо, бат-бат саласын жана оорулар аз болот. Дарыларды көбүнчө Токтогулдан алдырышат. Терек-Сууда ветаптека ачылганына эки-үч жыл болду”.
Айылдын дагы бир жашоочусу Кеңешбек Акматжанов төмөндөгүдөй оюн билдирди:
“Биз Чон-Арык айылында мал менен алектенип жашап жаткандан кийин ветаптека керек. Бир койго дары алыш үчүн Токтогулга барып алып келебиз. Биздин айылда дагы ветаптека болсо, жакшы болмок. Токтогулга убара болуп барып келиш үчүн эки жүз сомго жол кире төлөп, кайра эки жүз сомго дары алып келебиз, ошондо эки жүз сомго чыгым болобуз. Аптеканын ачылышы баарыбызга жакшы болмок”.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Уланбек Өмүрбаев ветеринардык аптеканын болушу мал ооруларынын алдын алууга жана жайыттарды туруктуу башкарууга салымы чоң экендигин билдирди.
“Малдар ооруганда 35 километр алыс болгон райондон алдырабыз малга дары деп. Ветврачтарды чакырганда деле баары бир дарысынын акчасын өзүбүз төлөйт экенбиз, алардын жанында дары болуп калат, болбой калат. Тиги дарыны бул дарыны алып келип бер дешет ошол үчүн бизге ветаптека абдан керек. Жайыттарды башкарууда ветаптеканын ролу эч кандай болбой жатат, негизи жайыттарды башкарууда ветеринарлар барып малдардын ден-соолугун текшерип келиши керек жана ветадис менен ветаптека керек. Бизге ветаптека салып бериш үчүн АРИС тармагына кайрылсакпы деп жатабыз. Ошого долбоор жазып Чоң-Арык айылына ветаптека керек деп сунуштасак деп жатабыз”.
Даярдагандар: Нуриза Сыргабай кызы, Аида Абылкерим кызы