Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 90 жаштагы тургуну Акыш Өмүрбаев 30 жылдан ашык убакыттан бери айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенет. Жаш кезинде бригадир, зоотехник, начальник болуп иштеп жүрүп, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
30 жыл ичинде 3000ге жакын арыз каралып, жыйынтыгы чечилди дейт Акыш Өмүрбаев.
«Каралган арыздардын ичинде уурулук, талаш-тартыштар, мушташтар, үй-бүлөлук ажырашуулар болду. Ар бир келген эки тараптын айыгышкан маселесин акыйкаттык менен чечип бергенге аракет кылдым. Төрага болуп иштеп турган убакта айлдын, айыл өкмөттүн, райондун бир нече ардак грамоталары менен сыйлангам. Андан сырткары милициянын 80 жылдык юбилейинде медаль менен сыйлангам. Бир жылдин ичинде 100гө жакын арыз түшөт», — деп токтолду Өмүрбаев.
Айылдын 76 жаштагы тургуну Кенжетай Жуматаев Өмүрбаевдин акыйкат, адилет адам экенин айтат.
«Мен 1941-жылы төрөлгөм. Бала кезимден бери Акыш Өмүрбаев менен чогуу бир айылда жашайбыз. Абдан акылман, билимдүү, акыйкат адам. Эмгеги менен бир нече сыйлыкка жеткен, айылда төбөсү көрүнгөн аксакал. Аксакалдар сотунун төрагасы болгондон бери жакшы иштеди. Айыл элинин нааразычылыгы болгон жок», — деди ал.
Аксакалдын эмгеги бааланып, Чоң-Арык айылынын көчөлөрүнүн бирине Акыш Өмүрбаевдин ысымы ыйгарылган.
Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы