18-сентябрда дүйнөлүк тазалык күнү белгиленет. Бул күнү Кыргызстанда дагы масштабдуу акцияны өткөрүү пландалууда. Ага 600 миңден ашык адам катышуусу маанилүү дейт «Эко Деми» коомдук фондунун координаторлору Нуржигит Сейитбеков жана Калыс Майрамбек уулу.
Дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда да белгиленет. Бул күндү өткөрүүдө атайын план бар. Ага ылайык, ар бир өлкөнүн кеминде жарандарынын 10% бул иш-чарага катышуусу маанилүү. Ал эми 6 миллиондон ашык жараны бар Кыргызстан үчүн кеминде 600 миңден жогору адам катышса, жакшы натыйжага жетишебиз дейт Калыс Майрамбек уулу.
Калыс Майрамбек уулу: “600 миң адамдын тазалык үчүн акцияга чыгышы таң калаарлык угулушу мүмкүн. Бирок, биздин тажрыйбабызда болгон. Дүйнөлүк тазалык акциясына Кыргызстан 2018-жылы алгачкы жолу катышканбыз. Ал эми 2019-жылы өлкөбүз ыктыярчыларынын саны жана таштанды чогултуу боюнча биринчи орун алган. Бул абдан жакшы жетишкендик. Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам азыраак адам чогултканбыз. Бул жылы биз дүйнө жүзү боюнча кайрадан алдыңкы сапка чыгабыз деп турабыз. 18-сентябрь күнү бир гана биздин өлкөдө эмес, 180ден ашык мамлекетте жарандар тарабынан тазалык иштери жүрөт. Биз дагы бул күнү элибизди активдүү болууга чакырабыз”.
Дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү демилгеси 2008-жылы башталган. Ал эми Кыргызстан бул акцияга туура 10 жылдан кийин кошулган. Статистикалык маалымат боюнча дүйнө жүзү боюнча таштанды жылдан-жылга азыраак көлөмдө чыга баштады дейт Нуржигит Сейитбеков.
Нуржигит Сейитбеков: “Тазалыкты сактоого аракет бар. Таштандынын саны жыл өткөн сайын азайып жатканы кубандырат. Бирок, бул аздык. Эс алуучу жай болобу, башка жай болобу бир дагы таштанды жок болсо бул эң чоң жыйынтык жана акцияга катышып жаткан ар бир мамлекеттин көздөп жаткан максаты ушул. 2019-жылы дүйнөлүк тазалык акциясын өткөргөндө Кыргызстандан 560 тонна таштанды чогултулду. Анын 160 тоннасы кагаз, 120 тоннасы айнек болгон. Калгандары кайра иштетүүгө дал келбеген таштандылар”.
Кыргызстанда өтүлгөн тазалык иш-чараларына 1,5 жаштан тарта 80 жаштан ашкан адамдар дагы катышып келет дейт Калыс.
Калыс Майрамбек уулу: “1,5 жаштагы балдарын ээрчитип келип, тазалык акцияларына катышкан ата-энелер бар. Бул абдан жакшы көрүнүш. Анткени, ата-эне баласына тарбия көрсөтүп жатат. Баланын экологияга болгон аң-сезимин туура калыптандырууда. Тарбиянын экологияга абдан салымы чоң. Ата-эне бала кезинен үйрөткөн тарбия фундаменталдык тарбия болот. Бул баланын кайсы багытта өсөрүн билдирет. Андан тышкары, коом тарабынан дагы тарбия бар. Мен өзүм жөнүндө айтсам, экология маселелерине байланыштуу көп булактардан маалымат алып жатып, багытымды экологияга бурдум. Азыр көп адамдар наристесинин дени-сак жүрүп, бир күнү эле ооруп калгандыгын айтат. Бул болсо, пластикалык таштандылардын дагы таасири болушу толук мүмкүн. Анткени, алар жерде жата берип, радиация чыгарат. Ал адамдарга, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизет”.
Жыл сайын туулган күнүндө Бишкектеги ботаникалык бакчаны тазалаган Нуржигит, таштанды чогултуп, андан арылуу ар бир адамдын жеке маселеси жана максатынан көз-каранды дейт.
Нуржигит Сейитбеков: “Туулган күнүмдү ботаникалык бакчада тазалык иштери менен өткөрүү мен үчүн абдан жагымдуу. Ошол эле бөтөлкө болсун же дагы башка таштанды болсун алардын ар бирин алып, ошол айлананы тазалоо мен үчүн моралдык эс алууну тартуулайт. Эмнеге дегенде мен бакчада басып жүрүп, ойлонуп, өзүмдүн ички дүйнөмдү тазалоого чыктым. Андан тышкары, башкалар дагы бул жерде жүрүүдөн ырахат алышы үчүн мен ал жерди таштандыдан арылттым. Таштандыны чогултууда менин колум же кийимим кир болот деген ой менен эмес, ошол жерибиз таза болот деген ойдо болуу маанилүү. Андыктан, 18-сентябрь күнү жалпы элибизди руханий тазалыкка ээ болууга жана албетте өлкөбүздү таштандыдан арылтып, ага көрк берүүгө чакырам”.
Касиет Кубанычбек кызы
Эко той: Сиздин той экологияга терс таасирин тийгизбесин десеңиз…