Ысык -Көлдө майыптыгы бар балдар үчүн “Special Football CAMP” футбол лагери уюштурулду. Ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген майыптыгы бар балдар жана алар менен бирге жардам берген бирден өкүл — ата-энеси, мугалими же бир тууганы катышты.
Бул иш чара «Football for everyone» фондунун өкүлү, IFCPF (Бүткүл дүйнөлүк ДЦП балдар футболунун) мүчөсү Айгерим Сабралиеванын демилгеси жана Айдана Оторбаеванын демөөрчүлүгү менен Футбол Федерациясынын жана башка жарандардын колдоосунда өттү.

Кыргызстандык футболист Айдана Оторбаева 2021-жылдын февраль айында атайын FIFPro (Эл аралык профессионал футболисттер ассоциациясы) сыйлыгынын ээси болуп, 5000 доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон. Ал бул каражатты лагерге коротууну чечкен:
«Бул каражатты майыптыгы бар балдардын лагерине жумшоону абдан кааладым. Себеби акча тез коройт, көрүнбөйт. Ал эми балдар менен бирге футбол ойноп, алардын кубанычына, күлкүсүнө күбө болгонду эч баа жеткис».
Лагердин катышуучуларын бири ата-эне Камила Өмүрзакова (аты -жөнү суранычы боюнча өзгөртүлдү) аталган иш-чарадан кийин ой-пикири жакшы жакка өзгөргөнүн айтып, лагерь бир гана балдарга эле эмес аларды коштоп баргандар үчүн дагы жакшы эс алуу болду деп кошумчалады:

“Төрт күн аралыгында көл жээгинде болуп, балдарыбыз менен бирге футбол ойноп, биз дагы ден соолугунузбу чыӊдадык. Катышуучулар менен бирге тамактанып, оюндарга чогуу катышып, бир үй-бүлөдөй болуп, бири-бирибизге бир туугандык сезимдер ойгонду. Бул лагерь менин оюмду өзгөрттү. Көрсө, жүрөгүмдүн тереӊинде, баламдын майыптыгы бар болуп жаралганына нааразы болуп, аны кабыл ала албай жүрүптүрмүн. Бардык балдар бирге футбол ойноп, гол киргизгенде ишеним пайда болуп, кабыл алууну үйрөндүм. Бардыгыбыз бирге балдарды кол чаап, колдоп шыктандырган сайын алардын өзүлөрүнө болгон ишеними да артты. Балама болгон ишеним артты. Мен өзүм эле баламды чектеп, эч нерсе жасай албайт деген ой менен өстүрүптүрмүн. Баламды өз алдынча болууга тарбиялоо керектигин түшүндүм.”
Футбол лагерине ыктыярчылык кылган Жеңишкүл Тоголокова дагы бул эс алуунун артыкчылыктарын баса белгилеп өттү. Лагердин катышуучулары күндү эртеӊ менен көнүгүү жасоо менен баштап, сүрөт тартып, футбол ойноп, бассейинге түшүп, кечинде ырдап, костер жагып, убактыларын өткөрүштү. Анын айтымында катышуучулар жакшы сезимдер менен кайтышты:

“Мен көп эле бул сыяктуу лагерге барып жүрөм. Бирок, бул өзгөчө программа менен өтө жагымдуу болду. Миӊ күнгө тете болгон балдар лагери деп атаса дагы болот. Катышуучулардын арасында кээ бири балдары менен биринчи жолу Ысык-Көлгө келгендер дагы бар экен. Бул балдарды кыймылдатып топ бергени алар үчүн абдан жагымдуу болду.”
Жыйынтыгында майыптыгы бар балдар апалары менен бирге Пакистан менен Кыргызстандын курама командасынын таймашына жана Бангладеш менен Кыргызстандын футболчуларынын оюнуна күбө болушту. Андан соӊ кээ бир оюнчулар менен жолугушуп, ой бөлүштү.
Баткенден келген мугалимдер жана окуучулар үчүн көл жээгинде лагерь уюштурулду
Айгерим Кубатбекова