Аймактардагы 33 стартап долбоору каржылык жана насаатчылык колдоо тапты. Алар Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын стартаперлери. Ишкерлерге колдоо көрсөткөн FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору Мурат Исмаилов эмне үчүн региондордогу ишкерлерге колдоо көрсөтүү маанилүү экендигин айтып берди.
— Саламатсызбы? Региондордогу 33 стартап долбоору сиздердин колдоого ээ болгон экен. Стартап долбоорлорун колдоодогу максатыңыздар кандай?
— Саламатсызбы? Стартап дегенде чоң ишкананы түшүнбөө керек. Бул чакан, айылдын деңгээлиндеги кандайдыр бир ишкерлик баштайм деген жигердүү жарандарыбызды, жаштарды колдоо, айылга өрнөк берүү жана жумуш ордун түзүү болуп саналат. Мигарциянын таасирлерин азайтуу жана кыскартуу.
— Каржылык жана насаатчылык колдоо тапкан стартаперлердин ишкерлик багыттары кандай?
— Бул стартаптар ар кайсы багытта. Анткени, ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Мисалы, Баткен облусундагы стартаптарда бул облустагы ишкерлердин кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги эске алынды. Айталы, бул облуста пиццерия, наабайчылык кылган долбоорлор болду. Андан тышкары, социалдык долбоорлор дагы бар. Айылда таштанды көйгөйү барлар айыл өкмөтү менен таштанды чыгаруу жолун жөнгө салган долбоорлорду сунуштады. Бул долбоорлор атайын сынактын жыйынтыгы менен ишке ашты. Андан кийин, тандалган ишкерлерге бизнес багытында окутуулар болду.
— Стартаперлерге эмнелер окутулду?
— Ишкерликти кандай баштоо керек, тобокелчиликтер, акча каражатын эсептөө керек ж.б багыттагы окутуулар болду. Окутуудан кийин алар өз максатын бизнес планга түшүрүп, көз-карандысыз комиссия топтолот. Ал комиссиянын ичинде ийгиликтүү ишкерлер, жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрү чогулуп, тандап алышат. Биздин башкы максатыбыз биз колдогон ишкерлер туруктуу өнүгүү багытында болушу керек.
— Сынакка катышкандардын бардыгынын бизнеси бар беле?
— Стартап деген сөз “жаңы баштоо” дегенди билдирет эмеспи. Ошондуктан, бизге катышкандар идеясы бар деңгээлдеги долбоорлор. Албетте, айрымдарынын бизнеси болгон. Бирок, алар дагы башка тармакта дагы ишкерлик кылууга көзү жетип, ага дагы аракет кылгандары бар. Канчалык ишкерликте тажрыйбасы мол болсо, ошол стартаптын иштеп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк көбүрөөк деп эсептейбиз.
— Окутуу канча убакытка созулду жана кандай форматта болду?
— Онлайн дагы, оффлайн дагы болду. Бул долбоордун иштеп жаткандыгына эки жылга чукул убакыт болду. Ортодо карантин болгондо биз тилекке каршы онлайн окутууга мажбур болдук. Ал эми калган бөлүгү жандуу жолугушуу форматында болду. Биз мындай жолугушууларды жергиликтүү администрациялар менен биргеликте жеринде өткөрүп жаттык.
— Эмне үчүн сиздердин колдоо бир гана региондогу ишкерлерге багытталды?
— Эми, албетте Бишкектеги ишкерлерге деле мындай колдоо керектир. Бирок, биз региондордогу өнүгүү болсун деген максатты көздөдүк. Тилекке каршы, бардык 7 облусту камтый алган жокпуз. Бирок, өнүгүүгө муктаж болуп жатат деген аймактарды тандап алдык. Анткени, аймак өнүксө өлкө өнүгөт.
— Ишкерлерге колдоо канча көлөмдө, кандай түрдө көрсөтүлдү?
— Жогоруда айтып кеткендей биздин колдоо чакан ишкерлик менен алектенгендерге багытталгандыгын түшүнүү керек. Ошондой эле, негизги колдоо деп акчаны санабаш керек. Эң негизгиси ишкерлерге керектүү нерсени үйрөтүп, өзүндө болгон жөндөмдөрдү ишке ашыра билүүнү үйрөтүү. Каражат жагынан айтканда, 33 стартап долбоордору 2 миң еврого чейин финансылык колдоого ээ болушту. Анын өздүк салым деген дагы шарты бар. Эң аз 20% чейин өздүк салымы болушу керек.
— Ишкерликке жаңы кадам таштаган адамдар арасында кандай катачылыктар кездешет?
— Биз үчүн ишкерлерди колдоо керектүү нерсени алып берүү менен гана токтоп калбашы керек. Биз ал долбоорлорду дагы коштоп, насаатчылык кылып жүрөбүз. Анткени, жаңы иш баштаган адамдар көп каталарга жол бериши мүмкүн. Мисалы, алар божомолдоп ишин алып барган учурлар кездешет. Бизнесте божомолдоп иш кылуу туура эмес натыйжа бериши мүмкүн. Мындан улам, каталарды жоюу, маселелерди чечүү, тажрыйба алмашуу, кардар, кошумча каржы булактарын табуу тууралуу үйрөтө беребиз.
Касиет Кубанычбек кызы
“Агро ишкер” долбоору 600 ишкерди окутат
Аймактардагы ишкерлер үчүн “Айылдык Табышкер” долбоору өтүүдө