Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде билим күнү белгиленди. Окуучулар үчүн салтанаттуу линейка өткөрүлүп, андан соң класстарга тарбиялык сааттар жана сабактар өтүлдү.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров
Салтанаттуу линейкага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Казан-Куйган айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеткулов Чыңгыз Майрамбекович, мектептин ардактуу агай-эжейлери, окуучулары жана ата-энелер катышышты.
Салтанаттын башталышы
Салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, келген меймандарга сөз берилип, куттуктоолор айтылды. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров мугалим агай-эжейлерди, окуучуларды, ата-энелерди билим күнү менен куттуктап, иштерине, окууларына ийгиликтерди каалады. Андан кийин Казан-Куйган айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Чынгыз Мамбеткуловго сөз узатылып, салтанаттын катышуучуларын куттуктап, мектептин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.
«Биринчи коңгуроо» кагуу учуру
Мектептин босогосун жаңы аттаган кичинекей бөбөктөр үчүн «Биринчи коңгуроо» кагылды. Линейканы окуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бакиров жыйынтыктап, окуучуларды класстарга бөлүп, билим күнү андан ары окуу кабинеттеринде уланды. Ар бир класстын класс жетекчилери тиешелүү тарбиялык сааттарды өтүштү. Андан соң сабактардын жүгүртмөсүнө ылайык сабактар өтүлдү.
Акылай Алмазбекова