Суусамыр айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин 5-кезектүү отуруму болуп, орчундуу маселелер катары мектептердин даярдыктары жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү талкууга алынды. Отурумга 14 депутат, айыл өкмөт жана айыл ичиндеги мектептердин жетекчилери катышты. Жергиликтүү кеңештин депутаттары мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү тууралуу ата-энелерден кайрылуу болгондугун билдиришти.
Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева 5-кезектүү отурумда мектептердин ачылышына карата мектеп жетекчилигинин даярдыктары жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү талкуулангандыгын билдирди. Ал, мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү тууралуу окуучулардын ата-энелеринен кайрылуу болгондугун баса белгилеп, ошол себептен мектеп жетекчилигинин маалыматы керек болду дейт.
«Бүгүнкү отурумда айыл ичиндеги мекеме жетекчилеринин маалыматтарын угуу маселелери каралган. Ар бир айылдагы мекемелердин жетекчилери маалыматтарын беришти. Депутаттар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жоопторун алышты. Каралган маселелер боюнча аткаруу бийлигине жана ар бир тийиштүү тармактык комиссияларга тапшырмалар берилди. Андан тышкары ар бир комиссияга келип түшкөн кайрылуулар, арыз даттануулар тууралуу иштерди карадык. Каралган маселелерди чечүүнү айыл өкмөт менен биргеликте аракет кылабыз», — дейт Назгүл Тойгонбаева.
Отурумга катышкан мектеп директору Азамат Кашкариев ал эмгектенген Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби жаңы окуу жылына даяр дейт. Бирок, башкы көйгөй мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү болуп жаткандыгын жашырган жок.
«Азыр бизде көйгөй мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү болуп жатат. Мектепте 38 мугалим эмгектенет. Азыркы убакта ар кандай оорулары бар болуп эмдөө албагандар да болуп жатат. Ата-энелердин кооптонуп жаткандыгын эске алабыз. Ошентсе дагы, вакцина алуу ар бир жарандын өзүнүн каалоосу экенин дагы унутпашыбыз керек. Учурда 20 мугалим эмдөөдөн өттү. Бизге Жайыл райондук санитардык-эпидемиологиялык станциядан билдирүү келген. Ал жерде 10-сентябрга чейин убакыт берилген. Мугалимдердин 70% эмдөөдөн өтсүн деген. Ошол себептен дагы окуу жылы 15-сентябрга чейин жылдырылды. Эки күндөн бери жакшы көрсөткүч болуп жатат. Мугалимдер барып, эмдөөдөн өтүп жатышат».
Отурумдагы эмдөө маселеси боюнча мугалимдерге да кайрылдык. Бул боюнча Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин окуу — тарбия иштери боюнча жетекчиси Гулмира Абдылдаева үй-бүлөсү жана окуучулары үчүн эмдөөдөн өткөндүгүн билдирди.
«Мен өзүмдүн үй-бүлөм жана окутуп жаткан окуучуларымдын ден-соолуктары үчүн эмдөөдөн өттүм. Вакцинанын эч кандай терс жактарын байкаган жокмун. Ден-соолугумда эч деле өзгөрүү болгон жок. Жакшы көтөрдүм окшойт. Эмдөөнү эч коркпостон алыңыздар демекчимин. Анткери, эмдөө менен биз ооруну алдын алабыз» дейт мектеп мугалими.
Азиза Тамчиева