

Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Сапарбек Бойдонов
Сапарбек Бойдонов: «Бүгүн Абшыр-Ата шаркыратмасында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ал ишембиликке жумушчулар жана мугалимдер катышышты. Абшыр-Сай айылынан Ынтымак айыл өкмөтүнө чейинки жолдор толук тазаланды. Бул ишембиликке атайын машина жалдадык, бекер эле кызмат кылып берди. Ишембиликти көп-көп уюштуруп турсак деп пландап жатам. Канчалык айылыбызды таза кармашыбызга карап, ишембилик уюштурабыз. Тазалык иштерине окуучуларды катыштырсак деген планыбыз бар. Таштанды таштабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз».


Маткасымова Буажар
«Мен Буажар Маткасымова Т. Айбашев орто мектебинде мугалим болуп эмгектенем. Биз бүгүн Абшыр-Ата эс алуу комплексин жана Кулатов айыл өкмөтүндөгү көчөлөрдү тазалоого келдик. Айыл өкмөт тарабынан ишембилик уюштурулду. Бул ишембиликте таштанды салуучу баштык жана желим каптар, барып келүү үчүн машинаны камсыз кылышты. Бул ишембилике мындан ары айыл тургундарын да катыштырсак жакшы болот эле. Айыл өкмөттүн да бирден-бир сунушу ушул маселе. Айлана-чөйрөнү таза кармасак өзүбүзгө эле пайда алып келет».
Чынара Көчкөнбаева, Алия Жолдубаева