18-декабрда Ноокат районунун акими Д. Шейшеканов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте Абшыр-Ата туристтик зонасына барды. Туристтик зона менен жеринен таанышып, аймакта иш жүргүзүп жаткан ишкерлер менен жолугушту. Иш сапардын жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, инфраструктураны жакшыртуу маселелери кеңири талкууланды.

Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эшимбаев Абсатар:

Абсатар Эшимбаев
«Кулатов айыл аймагына караштуу Абшыр-Ата эс алуу жайы Ош облусунун борборунан 70 чакырым алыстыкта орун алган. Аймак деңиз деңгээлинен 1500- 2500 метрге чейинки бийиктикте жайгашып, кооз тоо кыркалары, таза абасы жана табигый суулары менен туристтерди өзүнө тартып келет.
Абшыр-Ата шаркыратмасына жакын жайгашкан Котур-Булактын мөлтүр кашка суусу дарылык касиети менен белгилүү болуп, эл арасында «Шыпаа-Булак» деген ат менен таанымал. Бул аймакка жыл сайын ички жана чет элдик туристтер келип, эс алып, жаратылыштын кереметине күбө болушат.
Жыйынтыгында туристтик потенциалды натыйжалуу пайдалануу, тейлөө сапатын жогорулатуу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө туризмдин салымын күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди,» — деп билдирди. 
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл