Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Тимурлан Жунусакуновдун үй-бүлөсүндө 11-декабрда 3 эм төрөлдү. Жубайлар үч эм тууралуу кош бойлуулуктун 2 айында дарыгердин кезектеги кабыл алуусунда билишкен.

Жубайлар: Тимурлан Жунусакунов жана Элиза Нурсейитова
«Укканда аябай сүйүнгөнбүз. Аман-эсен төрөлсүн деп тилеп, жардам берип жаттык. Ысымдарын Тунук, Сезим жана Актилек деп өзүм койдум. Азыр Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат» деди.

Жуйбайлар үй-бүлөсү менен

Жубайлар буга чейин бир уул, төрт кызды тарбиялап келишкен. 42 жаштагы Элиза Нурсейитова А.Абдраимов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенет.
Ал эми Ак-Талаа райондук ЖДПБнун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин маалыматына караганда Элиза Нурсейитова кош бойлуу учурунда райондук төрөт бөлүмүндө көзөмөлдө болгон.
Барчын Мамытбекова