Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын бала-бакчасы демѳѳрчүлүк гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳтүп жатат. Буга чейин болбогон таштанды суу кетүүчү кудук жана ички дааратканалар салынууда. Андан тышкары, электр чубалгылары да көп жылдан бери алмашылган эмес.
Бул тууралуу маалыматты аталган бала-бакчанын директору Сайрабүбү Оморова билдирди:
«Ремонттун жалпы суммасы 2 519 000 миң сомду түздү, анын ичинен биздин айыл ѳкмѳттѳн ѳздүк салым катары 200 000 сомдой акча которулган. Ремонттун негизинде бала-бакчага санузел орнотулуп, канализация казылып, болгон бѳлмѳлѳрдүн бардыгы кырылып, кайра шыбалып жатат. 1980-жылдан бери алмашыла элек электр чубалгылары толугу менен алмашылды».

Бала-бакчанын экинчи кабаты бүткөн
Андан сырткары имаратка 11 балдарга ылайыктуу унитаз, 11 раковина, 4 идиш жууган раковина, 2 душ коюлду.

Буга чейин имараттын ичинде санузел жок болчу

Бала-бакча стандарттык негизде салынган имарат
Азыркы учурда экинчи кабаты толугу менен бүтүп, алдыңкы кабатында бир нече иштер калды. Ремонт 7-августта башталган жана октябрь айы бүтѳрү күтүлүүдө.
Негизинен имарат, Совет учурунда стандарттык типте салынып, 90-жылдардагы жеке менчиктештирүү убагында сакталып калып, азыркы күндѳ айылга кызматын кылып жатат. Мындан эки жыл мурун терезелери пластик терезеге толук алмашылып, эшиктери жаңыртылган. Эмеректер ата-энелер тарабынан жылда кичинеден жаңыртылып келет.
Быйыл түрктѳрдүн ТИКА уюмуна эмеректерди алмаштыруу боюнча долбоор жазып ѳткѳн, бирок пандемияга байланыштуу ишке ашпай турат. Ал эми ашкананын эмеректери бир жыл мурун толугу менен япон гранттын негизинде жаңыланган.

Эмеректер ата-энелердин жардамы менен алмашылып туратАйылдык бала- бакчанын сыйымдуулугу 120 балага ылайыкташкан. Бирок айылда балдар кѳп болгондуктан, кезек күтүп каттоодон ѳткѳндѳрдүн саны 70 балага жетет. Ал эми кайсыл убакытта иштеп баштары ѳлкѳдѳгү кырдаалга байланыштуу болот.
Ача-Кайыңды айылында бир айда жаңы стационар салынып бүттү
Асель Уркунбаева