Буга чейин Ат-Башы районунда «Муктаждарга төрт түлүк» акциясы май айында башталып, бир айда 25 үй-бүлө малдуу болгонун маалымдаган элек. Эми бул акция Америка, Түркияга жетип, ал жердеги мекендештерге узатылды.
Америкада эмгектенген Ат-Башылык мекендештер бул акциянын алкагындагы эстафетаны Москвадагы мекендештерден кабыл алып, Америкадагы мекендештердин атынан Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Бирлик, Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Кара-Булуң айылдарындагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө жалпы 25 кой тапшырылып берилди.
Эстафетаны аткарып жаткан мекендештер аталган акция эл үчүн жакшы жардам болуп жатканын билдиришти. Бул саамалыкты улантып кетүү ишин эстафета катары Түркия өлкөсүндө эмгектенген Ат-Башылык мекендештерине узатышты.
Район эли үчүн жасалып жаткан кайрымдуулук ишти колдогон чет жердеги мекендештерге Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров өзүнүн жана жалпы элдин атынан терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.
Учурда бул акция эстафета катары уланып, 50гө жакын үй-бүлөгө 200дөн ашык төрт түлүк мал тапшырылган.
Ача-Кайыңды бала-бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жатат
Асель Уркунбаева