10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.
Бул ишкана 2016-жылы негизделип, айылдагы жалпы техникалары чогултулуп, ишкана салынып, ишкананын ишин алдыга жылдыруу аракеттери көрүлгөн.

«Ак-муз өнүгүү» муниципалдык ишканасы
Аталган ишкананын жетекчиси Бакыт Алиаскаров билдиргендей, учурда ишканада жалпы 9 кызматкер иштейт. 1 жаңы жүктөгүч автоунаа, 3 МТЗ-82 трактору, соко, үрөн сепкен, кар күрөгөн техникалар менен камсыздалып, ишкана тарабынан айыл элине арзан баада кызмат көрсөтүлүп келет.

Ишкана муниципалдык болгондуктан техникалык кызматтар арзан баада көрсөтүлөт
Ошондой эле, айылда Союз убагындагы токардык ишкана сакталып калган. Алдыда лизинг жолу менен оор жүк жүктөөчү техникасын алуу аракети көрүлүүдө.

Токардык станок
Ишкананын кеңсесин курууга жалпы 430 миң сом каражат жумшалган. Анын 330 миң сому ишкананын тапкан кирешесинен, калганы демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.
Ишкананын ачылышына облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов, район башчысы Нурбек Сатаров жана башка айыл тургундары катышты.
Облус башчысы Эмилбек Алымкулов быйыл дүйнөлүк пандемия болуп жатканына карабай Ат-Башы районунда, бир катар ачылыштар болуп, өнүгүү кадамдары жасалып жатканын баса белгилеп, ийгилик каалады.

Ачылыш аземинен
Ал эми, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров быйыл райондун 90 жылдыгын аш чара менен эмес, иш чаралар менен белгилөө аракетинде өнүгүү багытындагы 90 долбоор ишке ашарын, алардын бири «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасы экендигин, алдыда дагы көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып, ачылыштар болоорун маалымдады.
90 жылдыкка 90 долбоор идеясынын алдында Ат-башынын борбордук аянтчасынын бир бөлүгү жасалып бүттү.
Асель Уркунбаева