Пандемиядан улам 1-класстын окуучуларынан тышкары бардык окуучулар жана студенттер аралыктан билим алышууда. Мындан улам, коомчулукта билим алуунун сапаты төмөндөп кетти деген пикирлер да жаралып келет. Kyrgyzmedia.kg бул шартта билим алуунун эффективдүүлүгүн арттырган бир канча ыкмаларды сиздерге сунуштайт.
Албетте, онлайн окуу үчүн сапаттуу интернет жана техникалык жабдыктар керек. Ал ноутбук, компьютер же смартфон. Көпчүлүк жаштардын телефонунда жана компьютеринде ар түрдүү социалдык тармактар, оюндар, сүрөт жана видеолор болот. Булар сизди сабактан алаксытышы толук ыктымал. Ошондой эле интернеттин ашыкча коротулушуна, телефонуңүздүн эси толуп, катып калышына себеп болот. Бул сиздин билим алууңузга бир топ тоскоолдуктарды жаратат.
Ошондуктан, сабактарга жетишүү жана өтүлүп жаткан теманы эффективдүү өздөштүрүү үчүн техникалык жабдыктардагы керексиз нерселерден арылыңыз. Сабак өтүлүп жатканда уюлдук телефонуңузду “үнсүз” режиминде колдонуңуз.
• Албетте, эч ким тоскоол болбогон тынч жана жарык тийип турган бөлмөдө сабак окууга аракет кылыңыз.
• Ошондой эле бул жерде сөзсүз стол жана отургуч болуусу маанилүү. Түз отуруп, билим алуу — ден-соолугуңуз үчүн көргөн башкы кадамдарыңыздын бири.
• Сабак окуп жаткан столуңузга тамак-аш, сизди алаксыта турган буюмдарды койбоңуз.
• Бир күндүк сабагыңызды окуп, тапшырмаларды аткарган соң, столуңузду жыйноону адатка айлантыңыз. Жукпай калган калем, керексиз кагаздар, учталган карандаштын таштандыларын эртеңки күнгө калтырбаңыз.
Аралыктан окууда да мектепте же ЖОЖдогудай күнүмдүк режимди сактоо зарыл. Окуу күнүн пландаштырып, ага алдын ала даярдык көрүүнү унутпаңыз. Кеминде, 1 саат калганда ойгонуп, кийинип, тамактаныңыз. Элестетиңиз, футболка кийип, чачы таралбай, уйкусу келген окуучу классташтары жана мугалимге кандай таасир калтырат? Андыктан, сабактарга тийиштүү формаларды кийип катышыңыз.
Качан кайсы сабак өтүлөөрүн алдын ала билип, жадыбалга жазыңыз. Жазылган баракты көрүнүктүү жерге илип коюңуз. Ошондой эле сабактарга кайсы платформа аркылуу катышаарыңызды билип, шилетемелерди чогултуп алыңыз.
Математика сабагынан маселени аткарып, адабиятта кайсы бир акындын ырын уккулуктуу айтып берсеңиз – өзүңүздү баалаганды унутпаңыз. Албетте, сизде өзүңүздү баалаганга бир топ себеп болушу мүмкүн. Майда нерсеге деле өзүмдү баалай бермек белем? – деген суроо да жаралышы мүмкүн. Бирок, сабак учурунда, сабакка даярданууда жана андан кийин дагы аткарган тапшырмаңыз ж.б нерселерди эстеп, өзүңүздү шыктандырып туруңуз. Мындай позитивдүү аракеттер сабакты жакшы өздөштүрүүгө жана албетте лидер болууңүзга түрткү болот.
Оффлайн турүндө окуу – бул бир гана билим алуу эмес, өз чөйрөсү менен мамиледе болуу. Бирок, бүгүнкү күндө онлайн окуп жатып, бул мамилени жоготпогонго аракет кылыңыз. Досторуңуз жана классташтарыңыз менен сабактан кийин дагы телефон аркылуу байланыш түзүп туруңуз.
Сабактарды онлайн окуп, тапшырмаларды жөнөтүп жатып сиздин көп убактыңыз экран алдында өтөт. Бул сиздин көзүңүзгө зыян экенин жакшы билсеңиз керек. Сабак жана үй тапшырмалар бүткөндөн кийин дароо эле мониторду карап оюн ойноп же кино көрбөй тыныгуу кылыңыз. Мунун ордуна сыртта эс алуу, жандуу оюндарды ойноо, хоббиңиз менен алек болуңуз. Таза абада жакындарыңыз менен сейилдеп, онлайн окуудагы ийгиликтериңиз менен бөлүшүңүз.
Онлайн окуу үчүн мектеп окуучусуна телефон белекке берилди
Аралыктан билим алууга онлайн ресурстар
Орус тилин онлайн жана акысыз үйрөнүңүз
Касиет Кубанычбек кызы