Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында RDF коомдук уюму жана «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму менен биргеликте жашыл айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча долбоор колдоого алынып, ишке ашканы турат. Анын негизинде айыл тургундары дары чөп жана чычырканак өстүрүп, ага керектүү шаймандарды ала алышат.
Аталган долбоордун алкагында жергиликтүү жамаат менен таанышуу максатында Ача-кайыңды айылында жолугушуулар өткөрүлдү. RDF фондунун директору Күлүйпа Акматова, GO GREEN долбоорунун координатору Уран Жунусов, эл аралык эксперт Карстен Тид катышуусунда айыл өкмөттө жолугушуу болуп, долбоор боюнча кыскача маалымат беришти.
Климаттык кризистерге туруштук берүү жана аны жеңил өткөрүү, адаптация болуу…
Өз сөзүндө Күлүйпа Акматова долбоордун максатын айтып берди: “Биздин коомдук уюм көп жылдан бери иштеп келет. Биз Кыргыз элинин каада-салттарын сактап калуу, ата-бабалардан калган салттуу билимди изилдөө жана аны жайылтуу боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келебиз.Азыр өзүбүз көрүп тургандай климаттык өзгөрүүлөр кескин байкала баштады. Биздин долбоордун максаты ошол климаттык кризистерге туруштук берүү жана аны жеңил өткөрүү, адаптация болууга даярдануу болуп эсептелет. Анын негизинде биз «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюмунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева менен иш алып барууну чечип, ушул Ача-Кайыңды айыл аймагын тандап алдык. Негизи айыл жери өнүксө гана мамлекет өнүгөт, ошондуктан биз айыл жериндеги жамааттарды колдоп келебиз.
Тоо силердин байлыгыңар…
Ал эми эл аралык эксперт Карстен Тид жергиликтүү элдер жаратылышты ушул бойдон сактап калууга тийиш экенин айтты: ”Мен бул жерге келип, баарыңыздар менен таанышканга кубанычтамын. Силер тоого адбан жакын жашайт экенсинер жана тоолор бардык жаратылыш булактарынын башаты болуп эсептелет. Тоо силердин байлыгыңар жана андагы байлыкты кийинки муунга өткөрүп беришиңер керек. Ал эми мен болсо ушул айылдын топурагынын түзүлүшү тууралуу эксперт катары изилдөө иштерине катышам.”
Долбоордун шарты боюнча бир жамаатка 400000 сом бөлүнүп берилет…
GO GREEN долбоорунун координатору Уран Жунусов долбоордун аталышы жергиликтүү жамааттар аркылуу жашыл айыл чарбаны колдоо деп аталаарын билдирди:
“Биздин негизги багытыбыз бул дары чөптөрдү өстүрүү, дары чөп өстүрүү аркылуу жергиликтүү тургундардын ден-соолугуна гана пайда келтирбестен, аны менен кошо киреше табуу болуп эсептелет. Долбоор боюнча 16 жамаат республиканын бардык аймактарынан тандалып алынды жана алардын бири Ача-Кайыңды айылы. Долбоордун шарты боюнча бир жамаатка 400000сом бөлүнүп берилет: анда дары чөптөрдүн уругун беребиз, айдалган жерди тосуп алганга курулуш материалдарын алып беребиз, ар кандай дары чөп өстүрүүдө керектелүүчү шаймандарды алып беребиз. Ал эми дары чөптөрдүн ичинен валериана, календула, жалбыз (мята), ромашка өстүрөбүз деген жергиликтүү элдерден сунуш келип жатат. Дары чөптөн тышкары чычырканактын түрлөрүн өстүрүп көрүү планыбызда бар.
Андан тышкары уруктарын берип тим болбостон, түшүм алган кезде аны сатканга жардам беребиз деп турабыз. Ал эми дары чөптөрдү өстүрүү пайдалануу боюнча дагы көптөгөн окууларды пландап жатабыз. Негизи эле Кыргызстан боюнча дары чөптөрдү өстүрүү боюнча кесип жок экен, андыктан биз бул кесипти атайын лицейлерге киргизүүнү сунуштап жатабыз.»
Жолугушуунун аягында аталган айылдын башчысы Адилет Жумалиев долбоор менен иштешүүгө даяр экенин айтып, долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалап кетти.
Асел Үркүнбаева