1. Кандай учурда интернет оюндарына көз карандылык пайда болот?
• Чыныгы жашоо кызыксыз болгон учурда, реалдуу жашоо кызыксыз болуп эч кандай өзгөчөлүктөр жок болгондо, жашоону көрктөндүрүүнүн жолу деп интернет оюндарын тандашат. Ошондуктан, адистер балдар мындай нерсеге кабылбоосу үчүн ар дайым күнүмдүк турмушка жаңы нерселерди киргизип турууну сунушташат. Бир күн менен экинчи күн окшош болгон мезгилде балдар интернет оюндарына сүңгүшөт. Ошентип, алар виртуалдуу дүйнөдөгү оюндар менен сүйлөшө башташат.
• Өзүн кабыл албай, өзүн кемчиликтүү сезгендер дагы тез эле интернет оюндарга көз каранды болуп калышат. Аларга ичиндеги сырын эч кимге айтпай сактап жүргөндөр, балалыкта түрдүү соккуларга туш болгондор жана жетиштүү көңүл бурууга ээ болуп мээрим албай калгандар кириши мүмкүн.
• Ошондой эле бош убактысы көптөр акырындап оюнга көнүп, жыйынтыгында, ага кантип көз каранды болуп калганын билбей калышат. Андыктан, балаңызды бош убактысы көп болуп жаткан жокпу көңүл буруңуз. Качан бала убактысын окууга, спортко жана башка пайдалуу нерселерге арнаганда ар кандай азгыруучу нерселерге ансыз дагы убактысы болбой калат.
• Эң негизги жагдай, бала көргөнүн кылат. Анын ата-энеси ар дайым телефон менен отурган болсо, бул кадимки көрүнүш экенин баамдап, бала дагы сөзсүз түрдө көп убактысын телефонго арнайт. Ата-эне өзүнүн кызыкчылыгын орундатуу үчүн балага телефонду өзү сунуштайт. Мисалы конокко барганда, үйгө меймандар келип калса же болбосо жакындар менен отурганда кенен отуруу үчүн баланы телефон менен алаксытып коюшат. Ушундай жол менен ата-энелер балдарына өз убактысын кантип өткөрүү керектигин үйрөтүшөт.
2. Онлайн оюндардын терс таасирлери
Өзгөчө мүнөзү калыптанып келе жаткан балдар оюндардагы каармандарды туурайт. Ал каарманды моделдештирип ага окшошууну каалап баштайт. Оюндардан көргөн кыймыл- аракеттерди досторуна жасап көрүп жашоодо пайдаланып көрүшөт. Ошондой эле, ден-соолугуна дагы бир топ зыян алып келет. Телефондун маңдайында узакка кыймылсыз отуруу менен ар кандай ооруларга туш болсо, аны кечке тиктеп, көз көрүүсү дагы начарлайт. Интернет оюндарын көп же узак ойногондо уйку режими бузулат. Аз уктаган же такыр уктабаган адамдын организминде стресстин гормондору бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормондор мээнин клеткаларын калыбына келтирүү ылдамдыгын жайлатат. Натыйжада, адам кечирээк реакция кыла турган, унутчаак, кыжырдануучу кишиге айланат. Интернет оюндар балдарда стресс, депрессия, нерв ооруларын пайда кылат. Эс-тутуму дагы начарлайт.
3. Балдар үчүн эмнеси менен кооптуу?
Бала айлана-чөйрөнү таанып биле турган, физикалык активдүүлүктү талап кылган мезгилинде көп убактысын телефонго коротуп жатканына жол берип жатабыз. Мындан улам, балада программалоо пайда болот. Электрондук каражаттарды узакка колдонуу балдардын булчуңдарынын өсүшүн жайлатышы мүмкүн, балдарга көп кыймылдоо зарыл, колдон келсе таза абада көп жүргөнү жакшы. Эрте жашында телефонго берилүү сүйлөө кебинин бузулушуна алып келет. Ошондой эле тилдин кеч чыгуу ыктымалдуулугу дагы жогору болот. Бала жети жашка чейин бардык нерсени кармап көрүп таануусу зарыл. Мультфильмдер, оюндар, балдарга арналган берүүлөр мээни тез дүүлүктүрүүчү нерселерге толгон. Чыныгы жашоодо андай нерселер көп жок. Мээси дайыма дүүлүктүрүүчү нерселерге көнгөн бала үчүн чыныгы жашоо кызыксыз болот. Ал реалдуулуктан ошондой стимул издейт, анан кайрадан гаджетке сүңгүйт. Анткени ал зеригет, реалдуу жашоодо баары ал көнгөндөй тез болбойт, андай түркүн-түстөр жок андай күчтүү эмоциялар да жок болот. Ошондой эле гаджеттерге жакын өскөн балдар мектепте сабакка жетишүүсү төмөн болуп, ийгиликтүү окуучу болуу мүмкүнчүлүгү азайат.
4. Интернет оюндарынын жакшы жактары барбы?
Көпчүлүк изилдөөчүлөр интернеттеги оюн адамдын эс-тутуму менен реакциясына жакшы таасир берет дешет. Аны менен катар көңүл коюга үйрөтүп бир учурда бир канча тапшырманы аткарганды өздөштүрсө болот. Негизи, көптөгөн пайдалуу онлайн оюндар бар. Алардын жардамы менен эс тутумду күчтөндүрүп, тил үйрөнүп, логиканы жакшыртууга болот. Бирок ар бир нерсенин өз ченеми болот. Мындай пайдалуу оюндарды чегинен аша ойносо, алар деле терс таасирин тийгизет.
5. Учурда балдардын телефон оюндарга азгырылуусу эмне себептен күч алды?
Пандемия убагында билим берүү аралыктан жүргүзүлгөндүктөн, окуучулар көп убактысын гаджеттер менен өткөрүүгө туура келди. Албетте, мындай шартта окуу үзгүлтүккө учурабай балдардын билим алуусуна шарт түзгөн менен бул мезгилдерде балдардын онлайн оюндарга болгон каалоосу дагы күч алганы байкалды. Себеби, аларды толук көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогондуктан, айрым окуучулар сабакка катышып жатабыз деп коюп, онлайн оюндарды ойноп отурушкан. Онлайн оюндардын дагы бир артыкчылыгы, бир учурда бардык достору оюнга катышуучучу болуп ойной алышкандыгында. Мындай шартта достор бири-бирин оюнга чакырып, үгүттөшөт.
6. Оюнга көз каранды болбоо үчүн эмне кылуу керек?
Дароо эле баладан телефонду алып коюу таптакыр туура эмес. Ата –энелер балага аны кантип колдонууну үйрөткөн болсо, ошол жол менен алганды дагы үйрөнүү керек. Акырындык менен ишке ашыруу зарыл.
Өзүңүздөн баштаңыз, биринчи өзүңүз телефон жана компьютерлерди чектешиңиз керек. Анткени ата-эне өзүлөрү экран алдында көп отурушат, балдар болгону аларды туурайт. Өзүбүз аткарбай туруп, баладан талап кылганды учурдун балдары кабыл ала алышпайт. Балдар үй-бүлөдө баары бирдей баш ийген эрежелерди оңой кабыл алышат. Баланы толугу менен виртуалдык дүйнөдөн ажыратып салуунун кереги жок, ал теңтуштары эмне жөнүндө сүйлөшүп жаткандарын түшүнбөй калат, бул коммуникацияга байланыштуу маселелерди жаратат.
Убакыттык чектөөлөр, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму билдиргендей, гаджеттер сиздин балаңыздын жашоосунда эки жаштан өйдө гана пайда болушу керек. Адистер 6 жашка чейинки балдардын колуна күнүнө бир сааттан ашык убакытка гаджет бербеш керек деп кеңеш беришет. Андан чоңураак балдар 2 сааттан 4 саатка чейин экран алдында убакыт өтөрсө болот. Ошондуктан, бала менен алдын ала белгилүү бир убакыттан кийин гаджетти таштап, сыртка чыгып же оюнчуктары менен ойнойсуң деп макулдашып алуу керек.
Чогуу көрүү, бул аткарууга эң кыйын болгон эрежелердин бири. Анткени ата-энелер көбүнчө гаджетти жумуштарын бүтүргөнчө бала мультик көрүп же ыр угуп турушу үчүн колдонушат. Өзүңүздү жеңип, бала менен чогуу отуруп акыл-эсти өстүрө турган мультфильм же программа көрүүнү сунушталат. Эң негизгиси баланы таптакыр эле телефондон чектеп салууга мүмкүн болбогондуктан аны эрежеге салуу туура болот.
