Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылды. Себеби мектептин жылуулугу нормага туура келбейт.

№12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби
Мектептин жылуулук системасы жаңы эле жасалган, бирок каалга жана терезелери 1976-жылдары жыгачтан жасалгандыктан эскилиги жетип жылуулукту кармабай калган.

Терезелери эскирип толук жабылбай жылуулук кармабай калган

Терезелердин жамгыр тийген жерлери ачылып калган

Окуп жаткан учур
Эске салсак, буга чейин 1,5,9,11-класстын окуучулары кадимки режимде окуп жатышкан.
Нурбек Мырсырайымов