Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшырышат. Анын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга кабыл алынгандыктан, көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөрү тынчсызданып, кабатырланышат. Бул багытта адистер кандай кеңештерди берет? ЖРТдан жакшы балл алуу үчун эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Наргиза Кийизбаева окуучуларды ЖРТга жаярдоо боюнча адис
Окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган бир катар окутуу борборлор бар. Андай борборлордун биринде 8 жылдан ашык мугалим болуп эмгектенген Наргиза Кийизбаева окуучуларга даярдыкты эрте баштаса жакшы деген оюн билдирди. Анын айтымында окуучулар чыныгы тести тапшырганга чейин эле онлайн түрдө тапшырмаларды аткарып, өздөрүн сынап көрсө болот.
«Окуучулар үчүн testing.kg сайтында атайын темалар бар. Мисалы, кыргыз тили боюнча аналогия, окуу. түшүнүү, туура жазуу боюнча темаларга басым жасаса жакшы болот. Ал эми математика боюнча базалык билим жетиштүү, тестте логикага басым жасалат».
Тест тапшырууда окуган нерсени түшүнүү өтө маанилүү. Бир гана кыргыз тилинен эмес, математикада дагы маселенин түшүнбөй жатса, эсепти чыгара албай калуу толук мүмкүн. Андан сырткары тесттик тапшырмаларда сүйлөмдөрдү толуктоо деген пункт. Бул жакта дагы тексти түшүнүү зарыл.
Наргиза Кийизбаева тест тапшыруучуларга окуу түшүнүү жөндөмүн машыктыруу керектигин кошумчалайт. Ал үчүн текстерди, ар кандай чыгармаларды көп окуу талап кылынат. Окуп гана койбостон андагы суроолорго жооп издеп бул жөндөмдү жогорулатууга болот.
Республика боюнча жалпы республикалык тестирлөө 16жылдан бери мындай түрдө уюшутурлуп жаткандыктан, учурда бул багытта окуу китептери, колдонмо каражаттары жетиштүү десе болот. Мындан улам, ар бир окуучу өз алдынча деле тестке даярданууга мүмкүнчүлүгү бар. Болгону алар максат коюп, ага жетүүгө аракет кылуусу керек.
«Жакшы даярдык көргөн, сыноо тестеринен өтүп көргөн окуучу өзүнө ишеничтүү болуп, жакшы тапшыра алат. Себеби ал темаларды билет өзүнө ишеничтүү тест учурунда өзүн жоготпойт. Ал эми окуучу эч нерсе билбесе ошол билбегенин дагы билсе анда, стресске туш болот. Бул теманы билбейм, ушул темадан келбесе экен, бул тема кыйын аны өздөштүргөн эмесмин деп коркуп атып тесте толкундап начар тапшырып калышы мүмкүн».
Деген менен, айрым окуучулар өзүнө көп талаптарды коюп алып тез эле чарчап калышат. Мындайга туш болбоо үчүн адистер аз-аздан болсо дагы күнүнө үзгүлтүксүз даярдануу натыйжалуу дешет.
ЖРТга даярдануу үчүн онлайн ресурстар
Чет өлкөлүк жети университетке окууга өткөн Адель
Айгерим Кубатбекова, Касиет Кубанычбек кызы