Күйүүчү майдын, азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 эсеге өскөнүн айыл тургундары айтууда.
Такси айдоочусу Курманбек Токуров:
«Мен такси кызматында иштегениме 10 жылдын жүзү болду. Ушул иш аркылуу үй-бүлөмдү багып күнүмдүк чай-чакемди табам. Мындан бир жыл мурда майдын баасы 36 сом болсо азыркы баасы 60 сомго жакын, 2 эсеге кымбаттады. Май кымбатташына байланыштуу тапкан кирешебиз азайып калды. Мындан мурда шаарга баруу үчүн 30 сом менен жеткирсек азыр 50 сомго жогорулады. Элдер муну түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Кымбатчылыкка карабастан элдин шаарга каттоосу азайган жок. Киреше булагым мурункудан аз.»
«Кеңеш» дүкөнүнүн сатуучусу Гүлбарчын Сайдиллаева:
«Covid-19 оорусу башталгандан бери азык-түлүк, кир жуучу каражаттар, баары 2 эсеге кымбаттады. Ундун, майдын, шекердин баалары кымбаттады. Ундун баасы 2000 сомго жогорулады, майдын баасы 700- 800 сом болуп жогорулады. Айыл жеринде кыйынчылыктар болуп турат, насыяга алгандар да көп. Элдерде да нааразычылыктар болуп турат. Азык-түлүк баасын өзүңөр кымбаттатып алдыңар дегендер да жок эмес. Өзүбүз кымбат алып жатабыз. Элдердин баары пенсия, айлык маяналар менен жашашат. Жумуртканын баасы 6-7 сом болсо азыр 10 сом, кара самындарга чейин кымбаттады. Мурда 20-30 сом болсо азыр 40-45 сом болуп жогорулады.
Айыл тургуну Назгүл Мырзакматова: «Мен өзүм үй кожойкесимин баалардын кымбатташы оор болуп жатат. Жол акы да кымбаттады, андан сырткары дары-дармек кийим-кече азык-түлүктөр да кымбаттап кетти. Албетте кымбатчылык жашообузду кыйындатып жатат. Бул нерсе мага эле эмес жалпы карапайым элге оорчулук жаратып жатат. Айлык маяна да аз болгондуктан, бардык акчаны азык-түлүккө жеткирүүгө туура келет. Айлык маянаны айылда той-топур, жакшылык-жамандык, кийим-кечеге да көп иштелгенине байланыштуу азык-түлүк алууда да бир кыйла оорчулук жаратып жатат.»
Чынара Көчкөнбаева