Бишкекте 30, 31-октябрда “Чечимдер журналистика” темасында семинар болуп өттү. Семинар жамааттык медиа тарабынан уюштурулуп, DW академиясы колдоо көрсөткөн.

Медиатренерлер Максуда Айтиева, координатор Internews Kyrgyzstan, Алмаз Исманов Prevention Media
Аймактан келген Жамааттык медианын мүчөлөрү чечимдер журналистиканын принциптерин үйрөнүштү. Келечекте материалдарды даярдоо ыкмасын тренерлер менен биргеликте талкуулашты.

Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова катышуучулар алган билимдерин эффективдүү колдонуп, натыйжада элге пайдалуу материалдар болоруна тилектеш.


Эки күндүк семинардын аягында 24 катышуучуга сертификаттар тапшырылды
Айдана Токтобекова