Жамааттык ЖМКлар Бирлиги гендердик теңдикти орнотуу, жайылтуу үчүн көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. “Гендердик теңчиликти Жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу” аталышындагы долбоордун уланып жатканына 2 жыл болду жана БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынган. Бул аралыкта аймактардагы журналисттер, активисттер гендердик сезимтал болууга үйрөткөн окутуулардан өттү.
Долбоорду аяктоо үчүн облусттарда тегерек столдор уюштурулду. Ош, Жалал-Абад, Ыссык-Көл, Нарын облустарында журналисттер активдүү катышып пандемия учурундагы үй бүлөөлүк зомбулуктун ММКларда чагылдырылышын талкуулашты.
3-июнда Бишкек шаары жана Чүй облусунун журналисттери үчүн да жогорудагы аталыштагы тегерек стол уюштурулду. Максаты ЖМК өкүлдөрүнүн коомдук пикир жаратууда гендердик-сезимталдуулугун жогорулатуу, сапаттуу медиа материалдардын чыгуусуна жол ачуу.
Клооп, Политклиника, Чүй медиа борборунун жана эркин журналисттер катышты. Спикерлер медиа эксперт Элира Турдубаева, гендердик эксперт Римма Султанова, “Шанс” кризистик борборунун психологу Адинай Жапаралиева презентация жасашты. Ал пандемия учурунда үй-бүлөөлүк зомбулука кабылгандар тууралуу маалымат берди.
Медиа эксперт Элира Турдубаева ММК сайттарына мониторинг жүргүзүп, зомбулукту чагылдырган материалдарга токтолду. Мындай сайттарда көпчүлүк учурда жабыр тарткан айымдар жана алардын сүрөттөрү ачык колдонулаарын айтты.
Гендердик эксперт Римма Султанова тегерек столдун катышуучулары менен талкуу жүргүзүп, катышуучулар тарабынан сунушталган гендердик теңчиликти орнотуудагы журналисттер үчүн эрежелер түзүлдү.
Жалпысынан тегерек столго 25 адам, анын ичинен жамаатык медианын журналситтери жана бирликтин жетекчиси Назира Джусупова, долбоордун кординатору Айзада Калканбекова катышты.
Зыйнат Самар кызы