Өлкөдөгү актуалдуу көйгөйлөр адатта үй бүлөнүн бекемсиздигинен, андагы теңсиздиктен улам келип чыгууда. Үй- бүлө баалуулуктарын туура сактоодо, тең укуктуулукту орнотууда журналисттердин орду чоң.
ММК Колдоо Борбору атайын медиа уюмдардын өкүлдөрү үчүн Бишкек шаарында 2 күн бою медиадагы гендерди, окуяга гендердик линза аркылуу кароону үйрөткөн тренинг уюштурду.
Тренинг «Медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоо» деп аталып, Чүй облусундагы медиа өкүлдөрү катышты. Тренерлер Алмаз Исманов жана Айзада Калканбекова журналисттер өз материалдары аркылуу жарандарга гендердик балансты сактоо маанилүү экендигин жеткире алышат деп баса белгилешти.
Жамааттык медианын редакциясы да окутууга катышып, материалдагы гендер темасын анализдөөгө үйрөнүштү.
Эске сала кетсек, катышуучуларды аныктоону «ММК колдоо борбору» Фонду, «БУУ-Аялдар» «Луч Света Демилгеси» менен биргеликте уюштурулуп, Нарын, Чүй жана Ош облустары боюнча медиа-уюмдар катышуучу катары тандалып алынган. Тандалган медиа уюмдар 8 ай бою окутуудан өтүп, атайын долбоор алкагында жарыялануучу сынакка жолдомо ала алышат.
Зыйнат Самар кызы