Айжан Акунова Нарын облусунун Кочкор раойнунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин англис тил мугалими. Анын окуучулары бул жылы «Бүткүл Дүйнөлүк англис тили — 2021 TraveLCLass» онлайн олимпиадасына катышып, орундарды камсыздашкан жана тил үйрөтүүчү курстарга жолдомо менен сыйланышкан.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинен 10-класстын окуучусу Жумабекова Малика 3-орунду камсыздап, Англия мамлекетинин англис тили боюнча беш айлык курсунан колледжден окуу үчүн бекер жолдомо алды. Ал эми 8-класстын окуучулары Бегимай Бакасова менен Эркайым Туткабаева 7-орунду ээлеп, беш ай бекер онлайн курсунан окууга мүмкүнчүлүк алышты. Алардын бири Эркайым Туткабаева келечектеги кыялдарына жетүү үчүн тил үйрөнүп жатканын айтат:
“ Менин англис тилге болгон кызыгуум киичне кезимен бери бар. Себеби мен келечекте Англияда жашап, окууну каалайм. Бул кыялымды ишке ашыруу, орундатуу үчүн азыртан тилди жакшы өздөштүрүшүм керек. Ал үчүн мен Айжан эжейдин сабакатн тышкаркы сабактарына дагы катышып башка өлкө ичиндеги олимпиадаларга дагы катышып жатам. Бул жолку дүйнөлүк олимпиададан 7-орунду алганым абдан кубанычтуу болду. Мен мындай орунга жетем деп такыр ойлогон эмесмин. Себеби бул сынакка көптөгөн өлколөрдөн катышышкан. Алардын арасында англис тили өз тили болуп эсептелгендер дагы бар болчу.”
Айжан Акунова Нарында иштеп жатканына 4жыл болду. Бул аралыкта окуучулары тилди жакшы өздөштүрүп калышканын айтат. Ошондой эле сабактардан сырткары күн сайын түштөн кийин 1 саат тил үйрөтүүчү курс уюшутруп алган:
“Түштөн кийинки курска кызыгып үйрөнгүсү келген окуучулар көп. Онлайн түрдө дагы инстаграм аркылуу үйрөнүшсүн деп кыска видеолорду даярдап ал жерге жайгаштырып коебуз. Ийримди кызыктуу кылып өткөнгө аракет кылам. Ал жерден дагы ошол окуучулар арасында мелдештерди өткөрүп турам. Жеңүүчүлөргө жаңы чыккан китептерди жана сөздүктөрдү тартуулап кызыктыруунун бир ыкмаларын колдоном. Андан сырткары түрдүү иш-чараларды уюшутруп тилге кызыктырганга аракет кылам.”
Айгерим Кубатбекова