Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында жалпы 7 шайлоо тилкеси бар. Пандемия учурунда таажы илдетин жуктуруп албоо үчүн, ар бир шайлоо тилкеси жарандардын коопсуздугун эске алуу менен бардык шарттарды уюштурган. №5429 Кызыл-Булак шайлоо тилкесинде ар бир шайлоочуга акысыз бет кап, кол каптар менен камсыз кылынып, колдорун антисептик менен зыянсыздандырып, добуш берүүгө шайлоо тилкесине киргизип жатышты.
Мед кызматкерлери шайлоочулардын дене табын текшерип жаткан учур
Жал айылдык №16 дарыгерлер тобунун мед айымы Абдибайит кызы Сыргагүлдүн маалымат берип жаткан учуру
Жал айылдык №16 дарыгерлер тобунун мед айымы Абдибайит кызы Сыргагүлдүн айтуусунда:
«№5429 участкага 2 мед кызматкер бөлүнгөнбүз. Биздин негизги жумушубуз шайлоочулардын пандемия учурундагы таажы илдетин жуктурбоонун алдын алуу максатында жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана санитардык эрежелерди сактоо. Ар бир шайлоочуга эгер бет кабы жок болсо, акысыз бет кап, бир колдонулуучу кол каптар менен камсыздоо. Андан сырткары, жарандардын дене табы текшерилип, колдорун антисептик менен шайлоо тилкесине киргенде жана чыкканда зыянсыздандыруу иштерин аткарып жатабыз.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн да ден- соолугун камсыздоо максатында атайын коргонуучу кийим кечелер менен камсыз болушту. Шайлоо тилкесиндеги байкоочулар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларды аралыктарды сактоо менен кабыл алышты. Тилкеге киргенге чейин да жарандардын саны көбөйүп кеткен учурларда ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аралыкты сактоо боюнча абалды жөнгө салып турушту. Аба-ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу шайлоо тилкесинде шайлоочулардын маанайы жогору. Эрте мененки 8:00 дөн баштап кечки 20:00 гө чейин дене табы көтөрүлгөн же болбосо таажы илдетин жуктурган жарандар байкалган жок».
Таңнуру Жалалова
