Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан айымдар арбып барат. Иштин көзүн тапкан айымдар биздин айылыбызда да жок эмес. Элет жеринде топурактан кирпич куюп таанымал болгон Дамира Окенова 46 жашта. Дамира айым 20 жылдан бери топурактан кыш куюп, сатыкка чыгарып келет. Учурда элеттик ишкер айым күнүнө 300-500 даана кышты даярдап, кардарлардын колуна тапшырат.
«Айыл апада жүрүп тойго чыкырышат экен. Өзүбүздүн кошуналарыбыз менен көпчүлүк жерде катышыбыз бар. Барып келип жүрүп бийлейбиз бийиң да жакшы экен деп макташат. Андан анан аз келгенсип үйгө келип кирпич куюп, ошол эле буттарыбыз менен акча тыйын табат экенбиз. Ылай кечсең берекесин берет экен. Ошол эле аркасынан алтын туяк жеңе деп эле күлүп жайнап калышат».

Адал эмгек менен айылдаштар арасында колдоого арзыган Дамира айым өзүнүн кылган ишинен ырахат алып келет. Бул иштин эл билбеген канчалык түйшүгү болбосун, ак эмгек өз мээнетин берет дейт каарманыбыз. Кирпич куюп сатуу аракетин ал, айыл жериндеги жумушсуздуктан улам баштаган. Баарынан дагы топуракты жылаңайлак тебелөө иштин оор процесстеринин бири экенин баса белгилеп өттү.

Дамира айым кардарларына кыш куюу үстүндө
«Кыш куюнун кыйынчылыктары аябай эле көп. Бул жумуш оңойдон турган жок, башынан кыйналдык, кысталдык азабын көп тарттык. Суук болот экен айыл жеринде турсак үч мезгилдин ысык күнүндө, жаан-чачында иштейт экенсиң ачка-ток да иштеп калган күндөр болуп калат экен. Көп жылдар өтүк жок жылаңайлак иштеп калган күндөрүбүз болду. Баягы эми топуракта суук болот экен ден-соолукка дагы зыяны көп тийди. Бул кирпичибиз чийки болгондуктан салмагы оор эле болуп калат. Ар кандай заказ менен келет кээ бирөө төө кирпич чоң куюп бериңиз дейт».
Айыл жериндеги жумушсуздуктан улам, Дамира айымдын жолдошу ар кайсы жумуштарда иштеп келген. Колуктусунун кыш куюп сатуу демилгесин дагы колдогон эмес. Бирок күн өткөн сайын Дамира айымдын иши алдыга акырындык менен жыла баштаганын көрүп, бирге иштөөнү чечкен. Ошол күндөн тарта экөө биргеликте кыш куюп сатып айыл ичинде эле эмес, коңшу айылдарга чейин таанымал болуп ийгиликтери арта баштаганын Курманбек Кермалиев билдирди.

Дамира айымдын жубайы Курманбек Кермалиев

Биргелешип иш алып баруу учуру
«Негизи Дамира колуктум иштеп жатканда мен шабашкага кетип калчумун. Анан кайра ойлонсом, экөөлөп бир иштесек кичине иш алга жылабы, экөбүз бирге иштегенде жакшыраак эле болот го деп ойлондум анан колуктума жардамдашып чогу иштешип калдык. Дагы жакшы ийгиликтер бар үй салдык, бала чаканы кийинттик, окуттук. Талаалап иштегиче үйдө иштеген деле негизи жакшы эле экен. Ары жак бери жакка жүрбөй, үйдөгү оокат эле үйдөгүдөй болот экен».
Элет жеринде курулуш иштери көп жүргүзүлөт эмеспи. Андыктан сарай, аш үй, кампа жада калса чоң турак үйлөрдү салуу үчүн дагы материал тандап алышат. Дамира Окенованын куйган кыштары сулуу, бышык, жылуу жана элдин капчыгына туура келет. Ошондон улам анын кардарлары көп. Мындай пикирди ишкер айымдын эң алгачкы кардары Салтанат Айтыманова билдирди.

Ишкер айымдын эң алгачкы кардары Салтанат Айтыманова
«Дамира жеңенин «Алтын туяк» деп аталып калышы бекеринен болбосо керек. Ушунча топуракты кирпич кылып куюп жана резинка өтүктү кийип алып тебелеп, кирпич куюшу оңой эмес го деп ойлойм. Дамира жеңенин кирпичтери жерге таштаганда дагы текши, жакшы сулуу түшөт. Аябай нык, колдон түшсө дагы сынып кетпейт да четтери да кетилбейт. Көп эле кишинин колунан келе бербейт бул кирпич куйганчы. Тизгенде дагы түз тизилет кыйналбайсың. Тизип жатканда дагы көңүлдөнүп тизесиң да».
Оору күч алган убакта айымдар кандай аракеттерди жасап элге кызмат көрсөттү? Пандемия учурундагы аялдардын каармандыгы тууралуу окуңуз.
Гүлкайыр Осмоналиева