Ак-Талаа районундагы аймактык оорукананын бардык бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасы орнотулду. Тактап айтканда, инфекция, соматика, төрөт, хирургия, реанимация бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасын атайын адистер келип орнотушту. Системанын жалпы сметалык наркы 4 жарым млн сомду түзүп, каражат КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен бөлүнгөн.
Аймактык ооруканага коюлган суюк кычкылтек системасы
Адис Калмырза Джолдубаев (солдон оңго) системанын иштешин көрсөтуп берүү учуру
Адистердин топ башчысы Калмырза Джолдубаевдун маалыматына караганда коюлган система байтаптар үчүн жөнөкөй кислороддук аппаратка караганда кыйла эффективдүү.
Адистер тобуна район жетекчилиги тарабынан ыраазычылык айтылып, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы», аймактык ооруканасынын «Ыраазычылык каты» тапшырылды.
Калмырза Джолдубаевге райадминстрациясыныны Ардак Грамотасы жана аймактык оорукананын ыразычылык каты тапшырылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Талаа аймактык ооруканасында таажы вирус жана өпкөнүн сезгенүү ооруларына чалдыгып, кызыл зонада дарыланган бейтаптар үчүн суюк кычкылтек баллондор орнотулуп, ишке берилген.
Барчын Мамытбекова